Иш-чарага баардык каалоочулар катыша алат.
“Укук мектеби” коомдук фонду Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери менен биргеликте “Укуктук Эркиндик” аталышындагы иш-чара уюштурат. Бул тууралуу аталган фондун директору Мээрим Кыдырмамбет кызы билдирди.
Иш-чарага ылайык, тажрыйбалуу адвокаттар, юристтер жана алдыңкы студенттер шаар тургундарына акысыз юридикалык консультация берет. Анын максаты жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу болуп саналат.
“Жарандар 2-апрель күнү Эркиндик бульварында Юстиция министрлигинин адистеринен, адвокаттардан акысыз юридикалык жардам ала алат”, — деп жазылат маалыматта.
Иш-чарага баардык каалоочулар катыша алат.
БИШКЕК— Sputnik
02.04.2017
http://sptnkne.ws/k
Leave a Reply