Майып жубайлар: ата-энебизге жүк болбой, өз үйүбүз болсо деп кыялданабыз (Видео)

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында баш кошкон Замир менен Таалайгүл ата-энесинин үйүндө күн кечирип келет.

Жаш жубайлар Замир Исаев менен Таалай Асыранбек кызы ата-энесине жүк болбой, өз алдынча түтүн булатууну кыялданышат. Дал ушундай максат менен үй-бүлө элге кайрылып, учурда жардам сурап турган кези. 29 жаштагы Замир Исаев төрт жашка чейин кадимки балдардай эле ойноп, бала бакчага барчу. Каргашалуу окуядан кийин өмүр бою коляскага отурууга аргасыз болгон. “Төрт жашымда бала бакчада бирөө түртүп жиберип, белимден катуу жыгылгам. Ошондон кийин сөөктөрүм өспөй калды. Мындан сырткары, сөөктөрүм өтө морт болуп, кичине кыймылдасам сынып кетчүдөй болчу”, — деди Исаев.

Ал бир тууган агасы да коляскада отурган майып экендигин жана эки иниси студент экенин билдирди. “Коляскада отурган агам бар. Эки инимдин ден соолугу жакшы. Алар учурда билим алышат. Баарыбыз ата-энебиздин үйүндө турабыз. Өмүр бою аларга жүк болбой, өз алдыбызча жашагыбыз келет. Ошондуктан элге кайрылууну туура көрдүк. Үй алганга жардам бергендер болсо жакшы болот эле”, — деди ал. Замирдин келинчеги Таалайгүл Асыранбек кызы жарык дүйнөгө келгенде дарыгерлер туура эмес төрөтүп алгандыгын билдирди. “Дарыгерлер апамды туура эмес төрөтүп, белиме залал келген. Ошондон улам майып болуп калдым. Өз алдымча баса албайм. 20 метр бассам эле белим ооруйт. Ошондуктан сыртка чыкканда коляскага отурам”, — деди Асыранбек кызы.

Замирдин атасы Акылбек Исаев уулу орто билимдүү экендигин айтып берди. “Замирдин орто билими бар. Кризистик борбордо окуп, ошол жактан көп нерсе үйрөндү. Анан алардын жардамы менен ишке кирген. Учурда үйдө компьютердин жардамы менен интернет провайдерлердин биринде иштейт”, — деди Акылбек Исаев. Ал уулу абдан аракетчилик экенин айтып, айла жоктон элге кайрылууга мажбур болуп жатышканын кошумчалады.

Исмаил Мамытов

03/02/2017

Дагы: https://sputnik.kg/video/20170203/1031585492/zhany-ujlongon-majyp-zhubajlar-ujluu-bolgusu-kelet.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*