Көзү азиз Дурусбек: жубайым менен кызымдын жүзүн бир көрсөм арманым жок эле

Урустамовдордун үй-бүлөсү майыптыгы үчүн алты миң сом алып, беш миң сомун батир ижарасына төлөйт.

Ош шаарынын тургуну Дурусбек Урустамовдун үй-бүлө мүчөсүнүн бардыгы майып. Өзү мектептин баштапкы класстарында окуп жүргөндө көрүүсү начарлап отуруп, кийин таптакыр көрбөй калган. Келинчеги бала кезинен буту ооругандыктан, жакшы баса албайт. Жубайлардын наристеси дагы тубаса азиз болуп төрөлгөн. Учурда үй-бүлө Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде ижарага алган батирде жашайт. Майыптык үчүн алган жөлөк пулдары батирдин акысынан ашпайт.

“Келинчегим экөөбүз тең мамлекеттен үч миң сомдон жөлөк пул алабыз. Ал эми батирге айына беш миң сомдон төлөйбүз. Кызымдын көзүнө алчу дарыга айына 500 сомдон кетет. Кээде алсак, кээде албай калабыз. Андан тышкары тамак-аш деген бар. Айтор азыр абдан жардамга муктаж болуп турабыз”, — деди Урустамов.

Майыптыгынын айынан иштемек түгүл, үй кызматтарын кылууда дагы кыйналарын келинчеги Айпери Каримова билдирди. “Боюма бүткөндө дарыгерлер төрөй албайсың, алдырып сал дегенине макул болгон эмесмин. Албетте бала багуунун кыйынчылыктарын эки эселеп көрдүм. Дагы жакшы башында апам жардам берип жүрдү. Азыр кошуналарым бош болгондо келип, абалымды сурап турушат”, — деди Каримова.

Дарыгерлер кызы беш жашка чыкканда көзүнө операция жасаса болорун айтышкан. Бирок азырынча майыптык боюнча медициналык күбөлөндүрүүдөн дагы өтө элек. Жубайлардын айтымында, алар Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылганда, ата-энеси алган жөлөк пулдун жетерин айтып, балага жөлөк пул төлөөдөн баш тартышкан. Бала кезинен бери көзү көрбөгөн Дурусбек жубайы менен кызынын жүзүн көрүүнү кыялданат. Бирок алар үчүн биринчи кезекте кызынын ден-соолугу турат. Наристесинин көзү көрүп кетээрине ишенип, кайдыгер карабаган адамдардан жардам сурайт.

БИШКЕК— Sputnik

20-март 2017
https://sputnik.kg/society/20170320/1032370555/kozu-aziz-durusbek-zhubajym-menen-kyzymdyn-zhuzun-korgusu-kelet.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*