Нарын шаарынын 14 жаштагы тургуну Бектурсун Канатбековго «Каалоолор багы» иш-чарасынын алкагында уюлдук телефон тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бектурсун жаңы жыл алдында уюлдук телефонго жетүүнү максат кылып, каалоо багына кат жазып илген. Ага Нарын шаардык салык инспекциясынын башчысы Жумабек Мамырбаев уюлдук телефон белекке берди.
Бектурсун учурда «Кадам» күндүзгү борборунда окуйт.
Turmush
13.03.2017
Leave a Reply