Кыргызстанда майып балдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуучу 20 мектепте баса албаган жана көрүүсү начар балдар үчүн пандустар, атайын парталар орнотулуп жана башка ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдоодо. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын клубу ачылып, ага 249 бала катышып жатканы кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, сегиз мектепте майып балдар инклюзивдүү билим алуу стандарты боюнча окуп жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда майып балдардын саны 28 миңден ашуун. Алардын ичинен үч миңден ашууну атайын мектептерде, төрт миңдейи жалпы билим берүүчү мектептерде окушат. 176 майып бала үйүндө билим алат. Ал эми 20 минден ашуун бала эч жерде окубайт.

15-март, 2017

http://www.azattyk.org/a/28370084.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*