Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 31 жаштагы тургуну Таалайбек Акималиев майып арабалуу болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Арабаны бүгүн, 15-мартта Т.Акималиевге райадминистрациянын, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана жаш активист Фархад Өскөнбаев тапшырды.
Учурда Т.Акималиев үй-бүлөлүү, бир уулу бар. Жубайы мектепте мугалим болуп эмгектенет. Майыптыгы үчүн айына 4 миң 700 сом жөлөк пул алат. Т.Акималиев мындан 10 жыл мурун кыр аркасын кокустатып алган. Ага ушул күнгө чейин 12 жолу оор операция жасалып, бирок буту баса элек.
«Жашоо шартым жакшы эле. Айыл чарба башкармалыгында үстөксүз насыя бар экен. Ошондон насыя алайын десем, ал бирикмелерге (кооператив) берилет экен. Ал үчүн кооператив түзүшүм керек. Ал иш менин колумдан келбейт. Андан улам үстөксүз насыядан жардам болсо жакшы болот эле. Бир аз мал-жандык сатып алсамбы дегем», – деди ал.
Turmush
15.03.2017
http://www.turmush.kg/news:321494?from=turmush&place=nowread
Leave a Reply