Мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Түп районуна караштуу Тасма айылындагы бир үй-бүлөдө үч бала мүмкүнчүлүгүнөн чектелип, учурда баса алышпайт. Аталган үй-бүлөгө айылдагы «Бугу-Эне» самын жамааты жардам көрсөтүп, балдардын бирине атайын отургуч жасатып беришти.

Бул үй-бүлөгө айылдын башка тургундары дагы колунан келген жардамдарын көрсөтүп турушат.

«Бугу-Эне» жамаатында иштеген Айнура Мамытованын айытымында, жыл сайын бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүп келишкен. Бул жолкусунда аларга керек болгон отургучту атайын Бишкектен табыштама менен жасатышканын айтышты.

«Бул дагы кудайдын буйругу экен, балдар мындай мүмкүнчүлүгүнөн чектелип калышкандыктан колдон келген жардамыбызды берип турабыз. Буга чейин майда-барат болсо дагы каралашып турчубуз. Бул отургуч тамак ичкенге, отуруп бир нерслерди кылганга, боюн түз кармап отурганга ылайкталып жасалган», — деп айтып өттү Мамытова.

Аталган балдардын чоң энеси Турсун Өскөнбаева мындай белектерден улам балдары басканга аракет кылып, ден соолуктары акырындан жакшырып баратканын айтты.

«Бул жамаат буга чейин дагы жардамдашып келишкен, биз буга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Балдарыбыз элдин колдоолору менен басып дагы калышты. Баарыңыздарга рахмат. Жамаат мындан ары жакшы иштерди кылып, иштери ийгиликтүү болсун», — деген тилегин билдирди Өскөнбаева.

Даярдаган: Айгерим Кубатбекова

Март 6, 2017

Мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*