1-топтогу майып Адылбек: “ТОКТОП КАЛБАЙ УЧ! УЧПАСАҢ БАС! БАСПАСАҢ ЖӨРМӨЛӨ!”

Бул жолку каарманыбыз көпчүлүктөн өзүнүн эркинин күчтүүлүгү менен айырмаланат. Өзү биринчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да коомдон артта калбай, кээ бир дени сак кишилер жасай элек иштерди аткарып келет.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Адылбек Шарипов
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 1-октябрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Сузак району, Барпы айылы
Билими – 9-классты аяктаган
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын кичүүсү
Оорусу – Остеопороз (сөөктүн морт болуп, бат сынууга жөндөмдүү болуп калышы)
Жөлөк пулу – Айына 5300 сом
Хоббиси – Спорт менен машыгуу, жаңы технологияларды үйрөнүү.

“XXI КЫЛЫМДЫН ЧУМАСЫ МЕНЕН ООРУЙМ”

– Алгач мен да катардагы адамдардай эле туулуп, чоңоюп, мектепке баргам. 1-классты аяктаган соң жайкы каникул учурунда ойноп жатып дарактан кулап түштүм. Башында бутум анча катуу ооруган эмес, бирок дарыгерлер “буту сыныптыр” деп гипс салып беришкен. 20 күндөн кийин гипсти алдырсак, бутумдун сөөгү кыйшык болуп бүтүп калыптыр. 1 жумадан кийин кайра эле ошол жеримди сындырып алдым. Ата-энем ооруканага алып барбай эле бирөөгө салдыртышты, 3 айдан кийин басып кеттим. Сөөгүм морт болуп калган окшойт, көп өтпөй бутум кайра ошол жерден сынып, ооруканага барып гипстетип келдик. 4-классымда бутумду дагы сындырып алып, Жалал-Абаддагы облустук ооруканада биринчи операция жасалган. Эми сакаят экем деп ойлогом, бирок ал операциялардын башталышы экен.
Ошентип Жалал-Абадда 5, Бишкекте 3 жолу бутума операция жасалды. Бара-бара басуума да көзүм жетпей калган. Бутумдун кайра-кайра сына берүүсүн медицинада остеопороз же “XXI кылымдын чумасы” деп коюшат. Билим алууда классташтарымдан артта калып, 9-классты үйдөн окуп бүтүрдүм. Төрт дубал ичинде отуруп калганымда ата-энем гезит алып келип беришчү. Телевизор көрүп, жаңылыктарды окуп, дүйнө менен байланышып турдум.

“ДЕНЕБИЗДИН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН, БИРОК АКЫЛЫБЫЗ ЧЕКТЕЛГЕН ЭМЕС”

– 9-классты аяктагандан кийин окуу жайга тапшырып, кызыккан кесибимдин ээси болууну каалагам. Бирок жергиликтүү окуу жайларда мендей арабада отурган адамдар үчүн билим алууга шарт жок экен. 2016-жылы Бишкекке бир иш-чара менен барганымда ошол учурдагы билим берүү жана илим министри Эльвира Сариевага жолугуп, андан окууга кирүүмө жардам сурадым. Ал Бишкекке чакырып, окуу жайга кирүүгө көмөктөшөрүн айткан. Бирок мен ата-энемди таштап кете албагандыктан бул мүмкүнчүлүктү пайдалана албадым. Облустарда мага окшогон балдар көп. Алар да жогорку билим алуу үчүн борборго бара албашы мүмкүн. Аймактардагы окуу жайларга шарт түзсө майыптар да бир кесипке ээ болуп, коомго аралашмакпыз. Биздин денебиздин мүмкүнчүлүгү чектелген болушу мүмкүн, бирок акылыбыз чектелген эмес.
Буга чейин бекер жүрбөй 2012-жылы видеомонтаждоо курсун окуп, телеканалдардагы роликтерди монтаждоого да жетиштим. Быйыл ишкерлер мага ноутбук сатып беришти. Ден соолугу чың балдар менен аралашсам апам тынчсызданат экен. Көрсө, алардын астында менин алсыздыгым билинип, чөгүп кетпесин деп чочулаптыр. Кээде мен үйгө кеч келип, досторум менен жүргөнүмдү ата-энеме айтсам, алар “балабыз коомго аралашып калды” деп кубанышат экен.

“АЙРЫМДАР БИЗГЕ ЭКИНЧИ СОРТТОГУ АДАМДАРДАЙ МАМИЛЕ ЖАСАШАТ”

– Коомдогу биздин эң негизги көйгөйүбүз – эл менен тил табышуу. Алардын бизге карата экинчи сорттогу адамдардай жасаган мамилеси, кайра-кайра майып экенибизди эстеткен сөздөрү оор тиет. Чынын айтсам, мен сыяктуу майып адамдар коомубуздагы өзүмчүл, кайдигер адамдардын мамилесине, кемсинтүүсүнө чыдоо үчүн күнүгө эртең менен согушка аттангандай болуп турабыз. Биздин айылдан шаарга чейин жарым сааттык жол. Шаарга кеткен таксилер, коомдук унаалар “арабасы көп орун ээлейт, аны ким көтөрүп чыгарат?” деген себептер менен албай кетишет. Мен үчүн жолдо 2-3 саат унаа күтүп туруу көнүмүш адатка айланган.
Бир жолу атам мени окуу курсумдан сертификат алуум үчүн шаарга таксиге салганы алып чыкты. Тапшыруу аземине жарым саат калган болчу. Арабасы бар экен деп таксилер бизге токтобой 2-3 саат жолдо туруп калдык. Атам ошондо “барбай эле койчу” деп айта албай, көңүлүмдү карап кошо күтүп тура берген экен. Ушул окуяны айтып, кийин атайын мени ары-бери ташуу үчүн унаа сатып алыптыр.
Бирок жакшы адамдар да көп, жол чырактан өтүп жатканда кээ бири арабаны түртүп жардам беришет. Тааныбаган адамдар да унааларга көтөрүп чыгарып коюшат. Ошолор бар биз да кыйналбай жашап жүрөбүз. А кээ бир адамдарды түшүнбөйм, 2 буту, 2 колу соо болсо да жашоого нааразы. Алар бизди көрүп тагдырына шүгүр кылса болот.

“ТАГДЫРЫМА НААРАЗЫ ЭМЕСМИН, БОЛГОНУ БАСКЫМ КЕЛЕТ”

– Бутумдун кайра-кайра сына бергенинен баскандан да коркуп калгам. Мен ал учурда эшикке чыкпай жашагандан көрө арабада болсо да коомго аралашкым келди. “Данакер” майыптар коомунун жардамы менен арабалуу болуп, токтоп калган жашоомду кыймылга келтире баштадым. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өтүүчү райондук, облустук спартакиадаларга катышып, араба менен жарышуу боюнча алдыңкы орундарга жетишкем. Байкалбаганы менен бул ийгиликтерим мени тарбиялаптыр. Коомдогу активдүүлүгүмдү байкашып, былтыр облусубузда өткөн жаштардын “Jashtar Camp-2016” аттуу конференциясына спикер катары чакырышты.
Көп балалуу болууну кыялданам. Менин досторум өтө көп, мага окшошу да, ден соолугу жакшысы да бар. Мен эми “Колуңдан келсе уч! Учпасаң бас! Баспасаң жөрмөлө!” деген ураан менен жашайм. Тагдырыма нааразы эмесмин, болгону басууну каалайм. Эгер баспасам, анда арабадагы мыкты адам катары жашап өтөм.

“Майыптар арасындагы лидерлигим мени шыктандырат”.
“Баспай калганга чейинки күндөрүмдү сагынам”.
“TEDxYouthBishkek” долбооруна атайын конок болуп чакырылдым. Өзүм да ар түрдүү чөйрөдө семинарларды өтүп жүрөм”.

Бектур Токтоноев

4-февраль-2-март, 2017-ж.

koom@super.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*