Таластык 2-топтогу майып эне Р.Казыбекова жардамга муктаж (фото)

Таластын 23 жаштагы тургуну, 2-топтогу майып эне Рахат Казыбекова жардамга муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. 2013-жылы орто мектепти аяктаган соң Талас районунун Арал айылынын тургуну Кубан Ортокбаевге турмушка чыккан.
«Өзүм 2-топтогу майыпмын. Жолдошум Кубан бөйрөгү ооруп, 1 айдан бери төшөктө жатат. Учурда Арал айылында кайын энем карап жатат. Уулум 3,5 жашта. Туулганда эле жүрөгүнөн оорулуу деп айтышкан. Бүгүнкү күнгө чейин тили жок, сүйлөй албайт. Экинчи уулум 1,5 жашта. Кан басым менен жабыркап, айына 7-8 миң сомдук дары керектелет. Өзүмө айына 1000 сомдон ашык акчага дары алам.
Бүгүнкү күндө үйүбүз жок. Бул бир бөлмөлүү үйдө айына 1500 миң сом төлөп жашап жатабыз.
Учурда майыптык боюнча 3 миң сом пенсия алам. Ал эч нерсеге жетпегендиктен абдан кыйналып жатабыз. 2 күн мурун «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондусунан 25 кг ун берилди. Ага чейин ачка калган күндөр болду. Көргөн күнүбүз оор болуп, тамак-ашка жетпеген күндөр болуп жатат», – деди ал.

Turmush 

27.02.2017

http://www.turmush.kg/news:320590

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*