Тагдыр: Тубаса майып К.Токтосунованын кыялы орундалып, жаңы майып арабасына ээ болду (фото)

Ноокат районунда өскөн Кызжибек Токтосунованын көптөн тилеген кыялы орундалып, жаңы майып арабасына ээ болду. Тубаса майып төрөлгөн Кызжибек майып арабасы жарактан чыккандыктан эки жылдан бери таанышынын арабасын сурап пайдаланып келген. Анын кыялын ишке ашырууга « Элим барсыңбы?» коомдук фонду жардам колун сунду.
Кызжибек Токтосунова майып арабасы жоктугунан эшикке чыга албай, коомдук унааларга да түшө албай кыйналып келгенин айтты.
«Мага Д витамини жетишпегендиктен тубаса майыпмын. Бул оору менен үй-бүлөдө иним экөөбүз ооруйбуз. Бирок иним кайтыш болуп кетти. Мен 10 жашка чейин жакшы эле чоңойдум. Кийин витаминдин жетишсиздигинен улам сөөгүм жумшак болуп, баса албай калдым. 24 жылдан бери менин тагдырым майып арабасына байланып келет. Өкмөт тарабынан берилген майып арабам бузулуп калып, жаңысын сурасам 4 жылдан кийин бериле турганын айтышты. Туугандарым бирөөнүн майып арабасын убактылуу алып келип беришкен. Ал дагы аябай катуу, бүктөлбөйт. Андан улам коомдук унаалар да албайт. Унааларга да батпай кыйналып жүрдүм. Эми минтип жаңы коляскага ээ болуп отурам. Бул мен үчүн чоң белек болду. Ыраазычылык билдирем», – деди толкунданган Кызжибек.
Кызжибек убактысын дайыма үйдүн ичинде өткөрөт. Таланттуу кыз бош убактысында китеп окуп, ыр жазат. Эби келгенде жиптен байпак, баш кийимдерди түйөт.
«Ош шаарына келгениме 10 жыл болуп калды. Айылда шарт жоктугунан бир топ жылдан бери иним карап жатат. Бош убакта ыр жазам. Менин ырларым позитивдүү маанайдагы ырлар. Мындан сырткары жиптен кийимдерди түйүп калам. Бала кезимде дарыгер болууну самап, мен сыяктуу жардамга муктаждарга жардам бергим келчү. Бирок менин бул кыялым ишке ашпады. Мен чоңойгон сайын чебер болууну самап, түймөнү үйрөндүм», – деди ал.
Кызжибектин кошуналары да колдон келишинче жардам берип келишет. Алардын айтымында, Кызжибек араб арибин да өз алдынча үйрөнгөн, тырышчаак кыз. Учурда 34 жашта.

Turmush 

10.01.2017
http://www.turmush.kg/news:317825/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*