“Укук жаңырыгы” маалымат баракчасынын экинчи саны

БУУӨПтүн “КРде сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү” долбоорунун алкагында “Укук жаңырыгы” маалыматтык гезитинин экинчи саны орусча жана кыргызча тилдеринде чыгарылды.

Басылмада калктын аяр топторунун негизги укуктук маселелери, аны чечүү жолдору тууралуу юристтердин кеп кеңештери, укуктук борборлордун даректери, жана башка көптөгөн укуктук мүмкүнчүлүктү кеңейтүү жаатындагы материалдар камтылган.

Гезит долбоордун иш аракеттеринин негизинде түзүлгөн төмөндөгү каналдар аркылуу таратылат:

  1. Юстиция министрлигинин алдында түзүлгөн 5 укуктук жардам борбору (Ош, Чуй);
  2. Сынакы Айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн Калктын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү 4 борбор (Ош, Чуй);
  3. Калкка укуктук жардам көрсөтүүчү, Ош жана Чуй облустарынын ар бир районунда иш алып барган “LBDconsulting” жергиликтүү бейөкмөт уюму;
  4. Юстиция министрлиги тарабынан уюштурулуп, Чуй жана Ош облустарынын ар бир Айыл өкмөтүнун тургундарына укуктук жардам көрсөтүүчү “Тилектештик автобусу”;
  5. Калкты документтештирүү боюнча иш алып барган Мамлекеттик каттоо кызматынын көчмө тобу.

Гезитти төмөнкү шилтеме аркылуу окуй аласыздар:

ukuktuk-maalyimattyik-barakchasyi (кыргыз тилинде)

informatsionno-pravovoy-byulleten (орус тилинде)

02.01.2017

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*