Таштанды балдар – «жоголгон муун»

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги 2016-жыл ичинде ата-энеси карабай таштаган 47 миң баланы аныктаган. Бул маалыматты КР ИИМинин коомдук коопсуздук башкы башкармасынын жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдракманов журналисттер үчүн үй-бүлөдөгү зомбулук маселелерине арналган брифингде, 2016-жылы 3-ноябрда айткан.

“Эгер былтыр ИИМ органдары ата-энелери чет өлкөгө кеткен 6 миң баланы аныктаса, быйыл 47 миң жашы жете элек бала аныкталды”, – деп билдирди А.Абдракманов.

Анын айтуусу боюнча ата-энелери акча тапканы кетип, балдарын чоң ата-чоң энелерине, туугандарына, ал турсун кошуналарына калтырып жатышат.

“Кыргызстандын миграцияга кабылган аялдары жана балдары” аттуу адам укугу үчүн эл аралык федерациясынын (FIDH) баяндамасында балдар миграция процессинде бала катары жана миграцияга тартылган адам катары кош күнкорлукка дуушар болууда деп айтылат. Алар миграция процессинин башынан аягына чейин кемсинтүүлөргө, психологиялык, уруп-согуу жана сексуалдык зомбулукка, ырайымсыз мамилеге коргоосуз калууда.

Жашоонун жараксыз шарттары

Кыргызстандык мигрант балдар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү көп учурда эл тыгылышкан  турак жайда өтө начар жана кир шарттарда жашап, жумушчу мигранттардын өтө тыкыр иш графиги (көп учурда жети күн бою тынбай иштеп, дагы кошумча саат жумушка чыгып) “алардын балдарын ата-энелик көңүл буруудан каңтарат”.

Гүлмира, Беловодское (Чүй областы): “Биз беш жана алты жаштагы кичүү кыздарыбызды ала кеттик, себеби аларды мында (Кыргызстанда) карар киши жок болчу. Алар мектепке да, бакчага да барышчу эмес, мен аларды үйгө камап кетчүмүн, алар мен калтырып кеткен тамакты өздөрү жылытып жешчү. Алгачкы эки күнү алар аябай ыйлашты, бирок кийин көнүп калышты”.

Аида, Ош: “2013-жылы күйөөм, үч балам менен бирөөнүн үч бөлмөлүү квартирасына расмий эмес жайгаштык. Анын ээси бизди акча төлөгөндөн кийин гана киргизди. Бизден башка анда дагы он киши жашашчу. Жылдын аягында коңшулар бул квартирада өтө көп мигрант жашайт деп арызданышты. Полиция келип бизди көчөгө кууп чыкты. Биздин бир ай алдын ала төлөгөн акчабызды кожоюн кайрып берген жок. Биз көчөдө калдык. Кыш болчу. Биз кайда барарыбызды билген жокпуз. Бакытка жараша күйөөм таксист болуп иштечү, биз бир жума бою машинеде түнөдүк. Анан тааныштар аркылуу башка турак жай таптык”.

Билим алуу укугунун чектелиши

Ата-энелери менен миграцияга кеткен балдардын мектеп тандоо мүмкүнчүлүгү жок, анткени алар дайыма улам бир жерге көчүп-конуп жүрүшөт. Мигрант балдардын көп учурда документтеринин жоктугу аларды билим алууда жана медициналык тейлөөдөн пайдаланууда күнкор кылып, балдардын бул категориясы мыйзамсыз жана оор жумушка, баңгизат сатууга, кайырчылыкка же сойкулукка кирип кетүү коркунучу алдында болот.

Россия менен Казакстандын саламаттык сактоосунан пайдалануунун чектелиши

Мыйзам талап кылган катталуу, медициналык камсыздоо, контракт сыяктуу документтердин жоктугунан мигранттардын балдары натыйжалуу медициналык жардамга жетүүдөн куру калышы мүмкүн. Анткени алардын ата-энелери мыйзамдуу укугунун жогу билинип калып, камалып калышынан же өлкөдөн куулуп чыгышынан коркот. Өлкөнүн аймагында жүрүүнүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенине карабай дагы бир чоң тоскоолдук – медициналык тейлөөнүн өтө кымбаттыгы деген нерсе бар. Экономикалык пайда табуу үчүн өлкөдөн кеткен мигранттар “зарылдыгы жок чыгым” катары эсептеп, медициналык камсыздоого ”акча короткусу” келишпейт.

Балдардын эмгеги

Кыргыз үй-бүлөсү оор экономикалык шартта бир же бир нече баласын чет өлкөгө акча табууга жөнөтөт. Адатта жашы жете элек балдар Кыргызстандан чет өлкөдө иштеген туугандарына же тааныштарына кошуп жиберилет. Өздөрү эле, эч кимдин коштоосу жок миграцияга кеткен балдардын жалпы саны белгисиз. Ата-энелери менен Россияга, Казакстанга барган балдар адатта алар менен бирге талааларда, ашканаларда, базарларда жана башка жайларда иштешет. Андай балдар адатта мектепке барбайт. Россия менен Казакстанда балдар адатта кичинекей балдарга көз болушат, үй жыйнашат же курулушка жардам беришет. Көп учурда мындай балдардын Кыргызстанга келгенде кайра мектепке кирүү мүмкүнчүлүгү жок калат. Мисалы, Чүй областындагы беш балалуу жумушсуз эне (күйөөсү да жумушсуз) 16 жаштагы кызын тааныштардын балдарын карасын деп Москвага жөнөткөн.

Таштанды балдар

Кыргызстандын калкынын 17%дан ашуунун мигранттар түзгөндүктөн өлкөдө алардын толгон балдары калган. Көптөгөн ата-энелер балдарын миграцияга ала кеткиси келишпейт же ала кете алышпайт, себеби ал жактагы кыйынчылыктан коркот, балдарынын жолун жана ал жактагы жашоосун төлөй албайт, миграциялык кызмат балдары аркылуу алардын документтеринин жоктугун аныктап коёт деп коркот.

Миграциянын калтырылган балдарга таасирин аныктап чыгуу оор. Кээде ата-энелеринен акча алып турган айрым балдардын абалы жакшыраак да болуп калышы мүмкүн. Себеби бул алардын окушу жана медициналык тейленүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк ачат. Башкалары болсо психосоциалдык жактан жабыр тартып, жинденип, туталанып, баңгизат менен алек болуп, ал турсун жашынан кош бойлуу да болуп калышы мүмкүн. Мындай абал кароонун жана камкордуктун жогунан, кемсинтүүлөр менен социалдык өгөйлөөдөн, туугандары же коңшулары тараптан уруп-сабоодон, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен болушу ыктымал.

Ата-энелеринин экөө тең миграцияга кеткен учурда адатта балдарын чоң ата-чоң энелерине калтырышат. Эгер алар каза болгон болсо же балдарды кароодон баш тартса башка туугандарына же коңшуларына кайрылышат. Такыр эле болбой калды дегенде балдарды тааныш эмес эле адамдарга калтырышат же мамлекеттик мекемелерге беришет да, анда алар “социалдык жетим” аталышат.

Балдарды таштоо адатта аргасыздыктан болот.

Динара, Ак-Жар (Чүй областы): “Эгер мен бул жерден иш тапсам Россияга кайра барбайм. Эгер иш таппасам, албетте, ал жакка кайра кетем. Балдарды энеме калтырам. Мен экиге бөлүнүп кыйналам, анткени, биринчи жактан, балдарыма жакшы болсун деп мен алардын жанында болгум келет, экинчи жактан, аларды өстүрүш үчүн мен акча табышым керек… анан мен кантишим керек?”

Балдардын эмгеги

Кыргызстанда калтырылган балдар, адатта, өздөрү жашаган үй чарбасында өтө көп милдетти аткарышат. Айыл чарба жумуштары да алардын мойнунда. Натыйжада алардын мектепке баруусу соолгундап, андайлар айрыкча жазгы жана күзгү айыл чарба сезону учурунда күчөйт.

Миграциянын психологиялык жагынан сырткары да чоң ата-чоң эне баккан балдар ооруп калса заманбап дары-дармек менен эмес, көбүнчө эмчи-домчу менен айыгат. Ал эми балдарды караган алыскы туугандар болсо алардын ооруп жатканын байкабай да калышы мүмкүн.

Ырайымсыз мамиле мүмкүнчүлүгү  

Зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен запкы көргөн балдарга жардам берүү боюнча борбордун директору миссияга былтыркы жылы борбор Чүй областында колдоо көрсөткөн 200 баланын жарымы ата-энелеринин экөө тең же бирөө калтырып кеткен балдар экенин билдирген. 2015-жылы борбор сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен 40-45 балага жардам берген, алардын 40%ынын ата-энелери ички жана тышкы мигранттар болгон.

Мектептерда да балдар коркунучка дуушар болушат. Ош областынын Уйгур-Абад кыштагында алты жана он жашар эже-сиңди (алардын энеси Москвада иштеп жүрөт) медреседе бир нече жолу сексуалдык зомбулукка дуушар болушкан. Энеси ай сайын кыздарынын “камын көргөндөргө” 10 000 сом (145 евро) салып турган. Кичүү кызы акыры медреседен качып чыгып, болгон окуя тууралуу туугандарына айтып берген. Соттук-медициналык экспертиза эки кыз тең сексуалдык зомбулукка кирептер болгонун ырастаган. Бийликтер чатакты жаап коюу максатында ишти будамайлап, кыздар зордукталбаганы тууралуу прессрелиз таратышкан. Медресени башкарган адам соттук-медициналык эксперизанын далилине карабастан, сексуалдык зомбулук боюнча эмес, ошого аракет кылганы боюнча гана күнөөлү деп табылган. Бул окуя Кыргызстанда калтырылган балдарга карата жасалган кылмыш жазасыз калаарын ачык көрсөтөт.

Мамлекет тараптан коргоонун жоктугу

Миграция Кыргызстанда калтырылган балдарга абдан жаман таасир берип жатат. Бул алардын мойнуна жүктөлгөн иштин көбөйгөнүнөн жана алардын мектепке баруусу азайганынан ачык байкалат. Калтырылган балдар интернатта же тааныш эмес кишилердин колунда калганда эле эмес, туугандарынын багуусунда калганда да күнкор болот. Андан сырткары, аларды коргоого да өлкөдө кепилдик өтө начар, балдарга каршы кылмыштар иш жүзүндө жазасыз калат.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*