Эмгек мигранттарынын 40%ын аялдар түзөт

Акыркы жылдарда эмгек мигранты болгон аялдардын саны өскөнү байкалууда. Алар Кыргызстандан барган мигранттардын дээрлик 40%ын түзөт, ошол эле учурда тажик жана өзбек аялдары өз мигранттарынын 20%га жетпегенин гана түзөт. Миграциялык процесстер Кыргызстандагы бардык аялдарга таасир этсе да, ал процесске көпчүлүгүндө 20дан 40 жашка чейинки аялдар тартылууда.

Бул тууралуу “Кыргызстандын миграцияга тартылган аялдары менен балдары” аттуу баяндамада айтылды.

Баяндама “Сана-Сезим” Эл аралык Укуктук Демилге (Казакстан) жана “Бир Дүйнө-Кыргызстан” Укук коргоо кыймылы уюмдары тарабынан Россия менен Казакстандан өз мекенине кайтып келген жана айрымдары кайта кетүүнү пландап жаткан 34 мигрант аялдан алынган интервьюлардын негизинде даярдалган.

“Миграция аялдарга өз экономикалык шартын оңдоо үчүн каражат боло алганы менен, аларды укуктары өзгөчө тобокелчиликке кирептер болгон абалга салып коюуда. Аялдар кош кабат: аял катары да, миграцияга тартылган адам катары да мусаапыр”.

Баяндамада эмгек миграциясына тартылган аялдардын 2 категориясы: жумушчу күчү катары сыртка чыгып кеткендер жана күйөөлөрү мигрант болуп кетип, өздөрү Кыргызстанда калгандар катары иликтенет.

Миграцияга тартылган аялдардын укуктары бузулган бир катар учурлар бар.

Эмгектик эксплуатация

Аялдардын көпчүлүгүнүн иш шарты өтө оор – өтө узак жумушчу күнү (күнүнө 12ден 15 саатка чейин) же эң жөнөкөй коопсуздук жана зарыл болгон санитардык шарт сакталбаган оор жумушу болгон. Айрымдары 24 саат бою тынбай иштешкен. Эмгек акысын төлөбөй койгон же кечиктирип төлөгөн учурлар көп болгон.

Айна, Сретенка ( Чүй областы): “Биринчи жылы мен “Электрозаводская” метро станциясынын (Москва) жанындагы тигүү фабрикасында төрт ай иштедим. Ал легалсыз цех болчу, биз фабрика берген жасалма документтер менен иштечүбүз. Миграция кызматынын кишилери келгенде бизди атайын бөлмөгө камап коюшчу. 30дай аял жана эки өзбек бир тууган иштечүбүз. Мен айына 15 миң рубль тапчумун. 8ден кечки 8ге чейин, түшкү тамакка 30 мүнөттүк эс алуу менен иштечүбүз. Дүйшөмбүдө дем алыш болчу. Буйрутма көбөйгөндө 24 саатка чейин иштечүбүз. Буттарым шишип кеткен. Өтө оор болду. Мен Россияга экинчи жолу барганда мейманкана шейшептерин химиялык каражаттардын жардамы менен жуудум. Жумушчулардын кимдир-бирөө бир эле күн ооруп калса же жумушка кечигип келсе кожоюн урчу. Биз түнкүсүн, кечки 8ден таңкы 8ге чейин иштечүбүз. 30 күн иштесек 2 гана күн дем алыш берилчү, ашыкча иштеген сааттарыбыз үчүн төлөнчү эмес. Эмгек акыбыз 25 миң рубль болчу, аны дайыма кечиктирип беришчү, анан биз – аялдар иш таштамак болдук. Бир жолу биз кечинде жумушка келип, иштебей олтуруп алдык. Менеджер улам телефон чалып, анан өзү келди. Бир балабыз андан: “Бизге эмне акча төлөбөй жатасыңар?” – деп сурады. Ал болсо: “Сен мага суроо бергидей кимсиң өзүң?” – деп жооп берди. Ал киргенде артынан баары кирди. Анан ал үч жигитти тандап алып, аёосуз уруп кирди: муштады, тепкиледи. Анан алар мындан ары бул фабрикада иштебейт деп айтты. Балдар каршылык көрсөтө алган жок, менеджер полиция чакырып коёт деп коркушту. Ошондон кийин менеждер биздин эмгек акыларыбызды таратып берди”.

Мигрант аялдар  изоляцияда, мисалы, үй тиричилигинде малай болуп иштеген учурда айрыкча психологиялык, каруу-күчтүк жана сексуалдык зомбулукка кирептер болушат. Гендердик кемсинтүү менен зомбулукту мигрант аялдарга жумуш берүүчүлөр да, башка кызматчылар да жасашы мүмкүн.

Алгылыксыз жашоо шарты

Мигранттар көп учурда жашоого ылайыкталбаган жерлерде жашашат. Сурамжыланган аялдардын бир нечеси Россияда алар негизинен жер төлөлөрдө жашашканын айтышты. Бир квартирада 20дан 50гө чейин же андан да көп мигрант жашап, ушул жараксыз шарт үчүн өтө жогорку аренда акысын төлөгөн практика өтө кеңири жайылган.

Адам сатуу

Кыргызстандын жарандары чет өлкөлөрдө, атап айтканда Россияда, Казакстанда, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында мажбурланган эмгектин жана сексуалдык эзүүнүн курмандыгы болгон учурлар белгилүү. Документи жок мигранттар эзүүнүн жана эмгек акысын төлөбөй коюу сыяктуу карасанатайлыктардын курмандыктары болуу, ошондой эле жашоого жараксыз жерлерде  жашоо учурларына оңой эле кабылышат. Жумуш берүүчүлөр мигранттардын өз эркине каршы алардын паспортторун алып алган учурлар да аз эмес.

Адам сатуу курмандыгы болгондордун ичинде аялдардын үлүшү өтө жогору, алар сексуалдык эзүүнүн курмандыгына айланган учур абдан көп.

Медициналык тейлөөгө жетүүнүн чектелиши

Кыргызстан Евроазиялык экономикалык шериктештикке кошулгандан тарта мигранттар эмгек келишимин түзөөрү менен сөзсүз түрдө өздөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө медициалык камсыздоонун полисин толтуруууга тийиш. Бул болсо аларга алар жүргөн өлкөнүн мамлекеттик саламаттык сактоо системасында тейленишине мүмкүндүк берет.

Бирок документи жок мигранттардын абалы тынчсызданууну туудурат, себеби, алар менен келишим түзүлбөгөн соң алар медициналык камсыздоо полисин да ала алышпайт. Россияда же Казакстанда документи жок мигранттар ооруп калса медициналык тейлөөнүн кымбаттыгынан, ошондой эле депортация болуп кетүү коркунучунан улам ооруканаларга кайрыла алышпайт.

Гүлчарир, Сретенка: “Менде медициналык камсыздоо жок болчу. Ал өтө кымбат эле жана аны сатып алуу тууралуу ойлонгон да эмесмин. Бир жолу көкүрөгүм ооруганын байкап, ооруканага барсам, алар мени Кыргызстандын элчилигине жөнөтүштү. Алар болсо мага кыргыз врачтын дареги менен телефонун беришти. Кеңештин баасы 300 рубль болду. Ал мага маммологго барууну сунуштады. Мен маммологдун кеңеши 5000 рубль турарын билдим. Менин буга мүмкүнчүлүгүм жок эле, ошентип врачка баруудан баш тартып, жүрө бердим. Анын үстүнө бул жакта кыргыз врач аялдар да жок. Аялдар аялдык жагы боюнча, мисалы, гинекологиялык көйгөйү чыкса врачка бара алышпайт. Алар эч убакта врачка барышпайт. Эч ким врачка барбайт”.

Репродуктивдик саламаттыкты сактоо көйгөйү

Чет өлкөлөрдөгү аз сандагы гана мигрант аялдар сексуалдык жана репродуктивдик саламаттык тууралуу маалыматка, ошондой эле тиешелүү тейлөөлөр менен кеңештерге жете алат. Көп аялдар ден соолукту коргоо боюнча тейлөөдөн пайдалануудан өлкөдөн чыгарылып жиберем деп, ошондой эле каржылык себептер менен коркот.

Иликтөө учурунда сурамжыланган эки аял кош бойлуу болгонуна байланыштуу алар Россияда кемсинтүүлөргө кабылганын айтышкан. Жумуш берүүчүлөр алардын кош бойлуу экенин угаары менен ага чейин иштеген ишинин акысын да бербей токтоосуз иштен бошотуп салышкан.

Мигранттар үчүн сот адилеттигине жетүүнүн жоктугу

Россиядагы кыргыз мигранттарынын 60%ынан ашыгы легалсыз болгондуктан, алардын көбү укуктары бузулган учурда опузадан, камакка алынуудан жана/же өлкөдөн айдалып чыгуудан коркуп полицияга кайрылышпайт.

Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору “Эмгек мигранты болгон аялдардын 55%ы баарынан көп шаардык полициянын зомбулугунан, 28%ы Федералдык миграциялык кызматтын кызматкерлеринин зомбулугунан, 37,5%ы жергиликтүү элдин кысымынан, 21%ы жумуш берүүчүлөрдүн зомбулугунан запкы тартаарын айтып, мигранттардын көпчүлүгү ырайымсыз мамиле учурунда кайда даттанаарын билишпегенин” ырастаган.

Миграциялык эрежелерди бузгандык үчүн адилетсиз жазалар: айып пулдар, камоолор жана өлкөдөн чыгаруулар.

Миграциялык режимди бузгандык үчүн мигранттар үч катар жазага: айып пулга, камакка алууга жана өлкөдөн чыгарылууга кирептер болушу мүмкүн. “Жарандык көмөктөшүү” комитетинин 2016-жылдын 10-майында жарыяланган баяндамасына ылайык, “Москвада райондук соттор 2015-жылы өлкөдөн чыгаруу тууралуу 58 миң 196 чечим чыгарган. Мындай иштер райондук соттордогу административдик иштердин 80%ынан ашыгын түзгөн. Мындай иштерди кароонун орточо убактысы 3-5 мүнөттү түзүп, райондук соттордо бир жумушчу күнүндө 100гө чейин адамды өлкөдөн чыгаруу чечимин жасаган  рекордсмен судьялардын пайда болушуна алып келген”.

Камактын ырайымсыз шарттары

Адам укугу тармагындагы эл аралык стандарттарга ылайык иммиграциялык эрежелерди бузгандык үчүн мигранттарды кармоо токтоосуз же сөзсүз түрдө болууга тийиш эмес. Көпчүлүгүндө эркинен ажыратууга байланышпаган башка чаралар колдонулушу керек.

“Мемориал” кемсинтүүлөргө каршы борбору 2015-жылдагы баяндамасында “мигранттарды убактылуу кармоо борборлору” дегендерде мигранттардын укуктарынын бузулушун айыптаган. “Россияда мигранттар бул мекемелерде эки жыл бою эч кандай соттук кароосуз кармалып жата берет. Мындай борборлордо камакта болгон аялдар алардагы киши тыгылышкан абал, санитардык-гигиеналык жаман шарт, зарыл болгон медициналык жардамдын жана кеңештин жоктугу жана алардагы аялдар жана эркектер зоналарынын шектүү бөлүштүрүлүшү тууралуу айтып беришкен”.

Зейнат, Ак-Жар (Чүй областы): “…алар жумуш учурунда келишти. Сот болуп, мен миграциялык кызматка 7 миң сом айып пул төлөшүм керек деген токтом чыгарышты. Мен алды менен миграциялык кызматта түн ортосуна чейин калдым, андан соң мени убактылуу кармоо изоляторуна которушту. Суткалар бою тамак да, суу да беришкен жок. Мени сотко алып барышканда колума кишен салып алышты, электрошокерден ток менен ургузушуп, машинага түртүп салышып: “Олтур! Жөнө, бол!” – деп кыйкырышты. Анан 20 күн Казанда камакта жаттым. Бул камак жайында камерада 6 киши болдук. Күнүгө эки жолу он мүнөттөн сейилге алып чыгышчу. Келгенден бир жумадан кийин, мени пол жана идиш-аяк жуудурушкан соң мага телефонумду беришти. (…) Эркектер биринчи, аялдар экинчи кабатта болушчу. Күзөтчүлөр эркектер да, аялдар да болчу. Бардык жерде камералар коюлган. Аялдар менен эркектер көп мушташышчу. Алардын көбү мында небактан бери жатышыптыр. Бир өзбек аял төрт баласы менен алты айдан бери жатыптыр. (…) Өзүн өзү өлтүргөндөр көп болчу. Менин камерамдагы бир аял өз венасын кесип, өлүп калды. Дагы бирөө душка кирип асынып өлдү. Мени коё жиберишкенде аэропортко чейин, ал турсун самолётто да колумдагы кишенди чечпешим керек дешти. Мен самолётко кирерим менен кишенди чечип салдым. Полицейскийлер болсо менин эки жагымда олтурушту. Алар учаарда гана чыгып кетишти. Мен аябай уялдым. Аэропортто мени тааныгандар көп болчу. Кыргызстан – кичинекей өлкө! Мага болсо кылмышкердей мамиле жасашты…”

Мигранттардын аялдары – көз карандылыктан чыккан мусаапырлык

Салтуу үй-бүлөлөрдө аялдар үйлөнүү тоюнан кийин күйөөсүнүн ата-энеси менен жашайт жана күйөөсү чет өлкөгө иштегени кеткенде ошондо кала берет. Мигрант эркектердин аялдары көп учурда социалдык көз караштардан жана жакырчылыктан жабыр тартып, күйөөсүнүн үй-бүлөсү тараптан зомбулукка дуушар болот.

Мигранттардын аялдары күйөөсүнөн келген акчаны түз ала алышпагандыктан, ага көзөмөл да кыла алышпайт. Мигранттардын Ошто жана Араванда сурамжыланган аялдары алардын күйөөлөрү акчаны энелеринин же улуу кыз бир туугандарынын атына саларын айтышкан. Аялдардын бири 2012-жылы анемиядан каза болгон жаш келин тууралуу айтьып берген. Анын дары алганга акчасы болбоптур. Анткени күйөөсү акчаны эжесине салып, ал болсо өз муктаждыктарына жумшап койчу экен.

Диний никеге байланышкан мусаапырлык

Расмий маалымат боюнча Кыргызстандын калкынын 80%дайы мусулмандар. Диний нике мамлекеттик органдар тарабынан таанылбаса да ал кеңири жайылган. Бул мигранттардын аялдарынын көз карандылыгын көбөйтөт, себеби ажырашкан учурда укуктук жактан корголбойт. Никенин укуктук далили болмоюн аялдар иш жүзүндө багуу же алимент талап кылуу үчүн мыйзамдуу укуктарга ээ эмес. Эгер күйөөсү чет өлкөдө жүрсө аны балдарды багууга катышууга мажбурлоого мүмкүнчүлүгү дээрлик жокко эсе болот.

Миграция жана кыз ала качуу

Кыргыз эркектеринин активдүү эмгек миграциясы полигамдык мамилелердин жайылышына алып келип, аялы бар эркектер чет өлкөдө жүрүп, никесиз байланыштарга барууга, үйлөнүп, жаңы үй-бүлө күтүшүнө мүмкүндүк болууда. Чындыгында эле миссия Кыргызстандан көп жылга кетип, чет өлкөдө экинчи жолу үйлөнгөн эркектер тууралуу көптөгөн баяндарды уккан. Алардын бирөөлөрү Кыргызстанда калган аялдарына акча которууларын улантып жатышса, экинчилери болсо байланыштарынын баарын үзүшкөн.

Сексуалдык жана репродуктивдик саламаттыкка укук

ВИЧ-инфекциялуу кыргызстандык мигранттардын саны акыркы жылдарда олуттуу өстү. Расмий статистикага ылайык 2009-жылдан 2012-жылга чейин алардын саны эки эсе көбөйдү. Бул статистикалык маалыматтарды абайлап колдонуу керек, себеби алар Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин тизмесине киргендерди гана камтыйт. Көптөгөн адамдар ВИЧ-инфекцияланганын өздөрү да билбей жашап жүрүшөт.

2015-жылы Кызыл Крест жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасы боюнча сурамжыланган бир нече жыныстык өнөктөшү бар кыргызстандык мигранттардын 20%ы жыныстык катнаш учурунда сактанган эмес. Сурамжыланган мигранттардын (Тажикстандык, Кыргызстандык жана Өзбекстандык) 82%ы Россияда ВИЧке аты-жөнү жашырылган тестти кайсы жерде берсе болорун билишкен эмес.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*