Толкун Исаков. Конвенцияны ратификациялоо – майыптыгы бар адамдардын келечегине инвестициялоо

img_9949

Толкун Исаков, “Майыптыгы бар адамдарга укуктук жардам көрсөтүү” коомдук фондунун президенти

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 170 миңден ашуун майыптыгы бар адам жашайт жана, тилекке каршы, алардын саны көбөйүүдө

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата мамлекеттик саясатты аныктаган негизги норма жасоочу акт Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу” мыйзамы болуп саналат.

Бул мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга, алардын жашоосундагы чектелүүлөрдү жоюуга, толук кандуу турмуш образын күтүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна активдүү катышууга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бирок ар түрдүү укуктук документтерге жана демилгелерге карабастан майыптыгы бар адамдар коомдук турмушка тең укуктуу мүчө катары катышуу жолунда тоскоолдуктарга жана укуктарынын бузулушуна кабылуусун улантууда.

 Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенция.

Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенция БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылы 13-декабрда кабыл алынып, 2008-жылы 3 майда күчүнө кирген. Конвенция менен бир эле мезгилде ага карата Факультативдик протокол кабыл алынып, күчүнө кирген.

Азыркы мезгилде 160 мамлекет Конвенциянын катышуучусу болуп саналат. Кыргыз Республикасы Конвенцияга 2011-жылы кол коюу менен кошулган. Ошентсе да Конвенциянын жоболорун ишке киргизүү үчүн аны ратификациялоо зарыл.

Бул маселени жылдыруу максатында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдында 2015-жылы 8-июнда иш-чаралардын планын даярдоо, БУУнун “Майыптыгы бар адамдардын укуктары” конвенциясынын наркын эсептеп чыгуу, ошондой эле аны ишке ашыруунун каржылык чыгымдарын эсептеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Жумушчу тобу 16 министрлик менен ведомстволордун, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турат.

Эксперттик топтун мүчөлөрү Конвенцияны ишке ашыруунун “моделдик” планын түзүп чыккан. Ал боюнча майыптыгы бар адамдардын тең укуктуу турмуш шартын түзүүгө, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. үчүн кетээр чыгым 1,6 миллиард сом, тиешелүү инфраструктура түзүү үчүн чыгымдар 5 миллиарддан бир аз ашуун сом болгон. Мындан сырткары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өтө зарылгандарын социалдлык турак жай менен камсыз кылууга өзгөчө орун бөлүнгөн. Бул үчүн 23,5 миллиард сом талап кылынат.

Конвенцияны ишке ашыруу планы 10 жылга “бөлүштүрүлгөн” 200дөн ашуун иш-чарадан турат. Иш-чаралардын планы иш-чаралардын топторуна бөлүнүп, чаралардын артыкчылыгына жараша кыска мөөнөттүү – 1-3 жылдык, орто мөөнөттүү – 4-6 жылдын, узак мөөнөттүү – 7-10 жылдык жана такай иштөөчү болуп ажыратылган.

Эгерде Конвенцияны ишке ашырууга 10 жылга 30 миллиарддай сом зарыл болсо, өлкөнүн 10 жылдык жалпы бюджети орто эсеп менен 1 трлн 200 млрд сомду түзөт. 30,6 млрд сом бул сумманын 2,5%ы гана болот. Бул сумма биздин бюджет үчүн анча деле сезилээрлик эмес жана көтөрүүгө мүмкүн.

Конвенция майыптыгы бар адамдарды адамдын бардык укуктары жана негизги эркиндиктери менен толук жана тең укуктуу камсыз кылууну жана аны коргоону, ошондой эле адамдын кадырын сыйлоону аныктайт.

Майыптыгы бар адамдарга жардам берип кереги жок, алардын башка жарандар менен бирдей эмгектенип, салык төлөп, коомдук турмушка катышуусу үчүн шарттарды гана түзүү керек.

29.11.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*