Сейнеп Дыйканбаева. Биз баарыбыз эптеп-септеп билим алып, эптеп-септеп бир нерсе үйрөнгөнбүз…

img_9940

Сейнеп Дыйканбаева, “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” (МБАА) коомдук уюмунун программалар боюнча координатору жана юристи

“Адам – жаратмандыктын туу чокусу”,

Адам туулганда эле укугу менен туулат,

Адамдын кадырын Кудай да билет,

Качан ар бир адамдын кадыры болот?

Менин майыптыгыма караба, мени кара,

Мен силердей эле кишимин,

Силердикиндей эле сезимдерим, ойлорум, максаттарым жана кыялдарым бар.

 Билим алуу инсандын калыптануусу жана өнүгүүсү үчүн башкы пайдубалдардын бири болуп саналат. Бүгүнкү дүйнөдө билим алуунун зарылдыгы он эселеп өстү. Ар бир демократиялык коом ар бир адамдын билим алуу укугун тааныйт. Бул баарынан да майыптыгы бар адамдар үчүн маанилүү, анткени алар билим алуу менен гана турмушкка тезирээк аралашып, коомдун пайдалуу жана толук укуктуу мүчөсү боло алат.

БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенциясында мамлекет жарандарды бардык деңгээлдердеги инклюзивдик билим алуу менен жана өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат деп айтылат. Бирок тилекке каршы, биздин мыйзамдарда инклюзивдик билим берүү каралган эмес.

Республика боюнча 2218 мектеп, 1062 бала бакча, 53 жогорку окуу жай жана 131 атайын окуу жай бар. Аларда канча майыптыгы бар адам окууру тууралуу так статистика жок.

Бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү орто мектептер жеңил майыптыктагы, акыл-эси жайында гана балдарды алат. Башка учурларда болсо балдарды коррекциялык класстарга, үйдө окууга же атайын мектептерде окууга жөнөтүшөт. Баланын акыл-эси ордунда болуп, бирок коляскада олтурса да ага үйдө окууну сунуш кылышат, себеби, көптөгөн мектептер мындай балдардын кирип-чыгышына ылайыкташкан эмес. Мындан көйгөйлөрдүн бүтүндөй бир тобу – адистердин жетишсиздиги, техникалык жабдуулар, мугалимдердин квалификациясынын начардыгы келип чыгат

Азыркы мезгилде майыптыгы бар адамдардын билим алуу мүмкүнчүлүгү тармагында бир катар олуттуу көйгөйлөр бар:

  • Инклюзивдик билим берүү боюнча бирдиктүү программанын жоктугу.
  • Инклюзивдик билим берүүнү укуктук жөнгө салуунун жана аны ишке киргизүү механизминин жоктугу.
  • Мектептерге кирип-чыгуу жана башка көптөгөн көйгөйлөр.

Кыргыз Республикасында Майыптыгы бар адамдардын укуктары тууралуу конвенцияны ратификациялоо өзгөчө зарыл. Биздин өлкө бул Конвенцияны ратификацияласа майыптыгы бар адамдардын өз укуктары менен кызыкчылыктарын ишке ашырышы үчүн бекем укуктук негиз пайда болот. Мисалы, майыптыгы бар адам биздин өлкөдө  кеңири жайылган кайрымдуулук жасалчу объект болуудан калып, укуктун субъектисине айланат. Анткени 3-декабрда (Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү) берилчү бир жолку белектер адамдарга сезилээрлик пайда алып келбейт жана алардын күндөлүк көйгөйлөрүн чечпейт. Ал эми Конвенция болсо адам укугун ишке ашырууга укуктук плацдарм эле болуп калбастан, көптөгөн социалдык олуттуу маселелерди да чечиши мүмкүн.

Майыптыгы бар адамдар жашоонун бардык тармактарында өтө катуу чымырканып жашоого аргасыз. Айрыкча тиешелүү шарттар түзүлбөгөн учурда ачыктан ачык тоскоолдуктар менен, адамдар менен, ал турсун бүтүндөй коом менен күрөшүүгө туура келет.

Азырынча болсо биз эптеп-септеп билим алып, эптеп-септеп бирдеме үйрөнүп жатабыз…

29.11.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*