Зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер эми ӨКМге кайрыла алат

Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун 112 кызматына кайрылышса болот. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 

Аталган борбордун начальниги Мухамед Сваров белгилегендей, мамлекеттик бирдиктүү диспетчердик кызмат 2014-жылдын декабрь айында ачылган.

“112 номерине гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар чалышса болот. Бардык маалыматтар анонимдүү болот”, — дейт Сваров.

Ал бардык келип түшкөн маалыматтар, арыздар Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилээрин кошумчалады.


http://chabarman.kg/index.php/zhanylyktar/7287-zorduk-zombuluktan-zhabyrkagan-kyz-kelinder-emi-kmge-kajryla-alat
http://sputnik.kg/Kyrgyzstan/20161110/1030205851/zombulukka-kabylgan-kyz-kelinder-okmge-kajrylyshsa-bolot.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*