Тоңдун элине акысыз юридикалык жардам көрсөтүлдү (фото)

 

Элге акысыз юридикалык кеңеш берүү максатында түзүлгөн «Тилектештик автобусу» иш сапарын Ысык-Көл облусунун Тоң районунда улантты.
Райондун Темир-Канат айылында Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын, Тоң райондук мамлекеттик каттоо кызматынын ЖААК бөлүмүнүн, райондук жерге жайгаштыруу жана жерге укуктарды каттоо башкармалыгынын кызматкерлери ар түрдүү маселелер боюнча юридикалык кеп-кеңештерди берүүдө.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар райондун Төрт-Күл айыл аймагынын тургундарына жарандык, үй-бүлө, эмгек жана жер укуктары, жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жөлөк пул алуу боюнча юридикалык кеңештерди беришти.

Turmush 

10.11.2016


http://www.turmush.kg/news:314521/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*