Ажырашуунун алдында укугуңду бил!!!

Азыркы учурда эң көйгөйлүү маселе болгон, бул – жубайлардын өз ара мамилелери келишпей ажырашуусу, жанды кейитүүчү маселе катары каралуусу зарыл экендигин туура көрүп, бул маселе боюнча моралдык жана юридикалык жактан кеп кеңеш берүү жолу менен, аталган маселени чечүү аракетин көрүп келем.

Коомубузда бир катар көйгөйлүү маселелердин катарында үй-булөө, нике куруу, ажырашуу, мүлк бөлүшүү, мурас боюнча мүлк бөлүштүрүү ж.б. көптөгөн көйгөйлүү үй-бүлөгө тиешелүү болгон маселелер бар. Мамлекет тарабынан үй-бүлөгө болгон камкордук боюнча бир канча мыйзамдар менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын баш мыйзамынын 36-беренесинде көрсөтүлгөндөй:

1. Үй-бүлө – коомдун негизи. Үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык – бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуу корголот.

2. Ар бир бала анын дене-боюнун, акыл эсинин, ички руханий, ыймандык жана социалдык өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.

3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине жүктөлөт.

4. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.

5. Нике курагына жеткен адамдар никеге турууга жана үй-бүлө күтүүгө укуктуу. Бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш. Нике мамлекет тарабынан каттоого алынат деп өзгөчө белгиленген.

 

Андан тышкары КР Жарандык кодекси, КР үй-булөө кодекси, 25.03.2003-ж. №62 КР “үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамы, 10.07.2012-ж. №100 КР “Балдар жөнүндө кодекс” теринин таламдарынын негизинде үй-булөгө болгон камкордук, жогоруда корсотулгон мыйзамдар менен мамлекет тарабынан жөнгө салынып турат.

Үй-бүлөлүк укуктар менен милдеттер ачык айкын көрсөтүлүп жазылган. Бирок тилекке каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн нормаларындагы талаптар иш жүзүндө көпчүлүгү аткарылбай келет. Мисалы: үй-бүлөө куруп жатканда жубайлар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар боюнча нике күбөлүк албастан, каада-салттын негизинде молдого нике окутуу менен чектелип калып жатышат.

Ал эми мыйзам боюнча эки тараптын макулдугу менен түзүлгөн нике күбөлүгү болбосо, эки тараптын мүлктүк, ата-энелик укуктарын жөнгө салуу жагы оор бойдон калууда. Жогоруда аталган маселелер жубайлардын бир тарабы, экинчи тарабынын укуктарын чектеген учурда ажырашууга алып келүүдө. Мындай шарттарда балага күбөлүк берүүдө, баланын атасы күбөлүк алып берүүдөн баш тарткан учурда, жалгыз бой эне деп, өздөрүнүн атына каттатып күбөлүк алып жатышат. Бул бир жагынан алименттен качуу аракети деп түшүнсө, экинчи жагынан аталык милдеттерин жоопкерчиликсиз аткарып жатат деп түшүнсө болот. Бирок калктын көпчүлүк катмары күбөлүгү же никеси жок болсо, алимент өндүрүлбөйт деген туура эмес түшүнүк менен өз укуктарын билбестен керектуу жерлерге (ЖААК, Сот, адвокат, акысыз юридикалык кенеш берүү бөлүмдөрүнө ж.б.) кайрылышпайт. Жыйынтыгында алимент өндүрүлбөстөн, жаш баланын өнүп өрчүшү, билим алуусу, коомдук тарбиясы жагынан жетишсиз камкордуктун натыйжасында терс көрүнүштөргө алып келип жатат. Мисалы: Мектеп окуучуларынын базарда иштеп жүрүүсү, тилемчилик кылуусу, жаш балдардын эрте жашынан оор кара жумуштарда иштөөсү, жаш балдар тарабынан жасалган кылмыштуулуктун көбөйүүсү, жаш балдарга болгон зордук-зомбулуктун өрчүшү.

Ошондой эле нике күбөлүк албастан, жарандык никеде жашаган жубайлардын ортосунда мүлк боюнча оор маселелер пайда болуп, биринчи тарап, экинчи тараптын укуктарын чектөө менен иш жүзүндө жубайлар өмүр бою топтогон мүлктү, бир тарабы экинчи тарабына берүүдөн баш тартып, экинчи тараптын мүлктүк укуктары чектелип калууда. Үй-бүлөө кодекси боюнча нике күбөлүк алынган күндөн баштап жубайлардын ортосунда мүлктүк мамилелер мыйзам боюнча жөнгө салынат. Ал эми жарандык никеде жашаган үй-булөлөрдүн мүлктүк мамилелери жөнгө салынбастан ажырашуу болгон учурда, мүлк бөлүштүрүү учурунда материалдык жактан оор абалга алып келүүдө. Мындай шарттарга иш жүзүндө көбүнчөсү аял заты кабылып, турак-жайсыз, баласы үчүн алимент ала албастан турмуштук шарты оор абалга туш болууда.

Жубайлардын ажырашуусу менен эле чектелбестен, үй-бүлөдө болгон мамилелерде жубайлардын укуктары жана милдеттери унутулуп, мыйзам тарабынан корголгон, алардын ортосундагы балага болгон ата-энелик милдет жана камкордук жагы дээрлик көпчүлүк ажырашкан үй-бүлөлөрдө сакталбайт. Жогоруда мыйзамда көрсөтүлгөн укук жана милдеттерди көпчүлүк элдин калың катмары билбестен өз убагында укугун коргоо максатында керектүү жерлерге кайрылбагандыктан, же болбосо, өз укуктарын мыйзам боюнча талап кылбагандыгынын натыйжасында ажырашуу, зордук-зомбулук, ошондой эле үй-бүлөдө болгон ар кандай укуктук жактан кемсинтүүгө дуушар болушуп, мүлктүк жактан алганда дагы, эч бир мүлк укугуна ээ боло албастан, жубайлардын ортосунда бирге иштеп тапкан мүлкүнөн кол жууп калган учурларга көбүнчөсү аял заты калгандыгы иш жүзүндө басымдуулук кылат. Мындай шарттарда өз укугу жана жубайлардын мүлккө болгон укугунан ажыраган тарап, эптеп тууган-уругу болсо туугандарынын жардамы менен күн көрүшөт. Эгер жардам берген тууганы жок болсо материалдык жактан өтө оор абалга дуушар болушууда. Байкуш болгон аял заты, өз укугун коргой албай ортодо балдары менен биргеликте, турмуштун азаптуу оор күндөрүн баш калкалоо жайы жок, ар туугандарынын үйүндө же болбосо батирлерде башынан оор күндөрдү балдары менен күн кечирип, жадагалса жолдошу балдары үчүн да кам көрүүнү унуткандыгы көңүлдү иренжитпей койбойт.

Ушул сыяктуу маселе боюнча Чоң-Алай районунда бир нече жолу кайрылган калктын аярлуу катмарына кирген зомбулук чеккен аялзаты ажырашуунун артынан, өз укугун билбегенинин себебинен азаптуу оор күндөргө дуушар болуп, күн кечирип жатышкандыгы өкүнүчтүү.

Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын тургуну Мамашева К.Н. (аты-жөнү өзгөртүлгөн) акысыз юридикалык кеңеш сурап кайрылган:

Мамашева К.Н. юристтин кенешин алуу үчүн төмөнкү маселелер боюнча юридикалык жардам сурап кайрылган. Мамашева К.Н. жолдошу экөө 2006-жылы май айында баш кошуп, 5-жылга жакын биргеликте жашаган. Алар 5-жыл аралыгында турмуштун ачуусун да, таттуусун да бирге тарткан. Күйөөсү кызганчаак жана кызыл камчы болуп, аны зордук-зомбулук менен ар кандай чыр-чатактарды чыгарып турган. Ортодо эки уулду болуп, бир уулу жогоруда айтылгандай чыр-чатактардын айынан майып болуп төрөлгөн. Бирге жашап жүргөн учурда жумушта иштеп акча каражаты жагынан үйүнө камсыздашып, жубайлар биргеликте жер алып үй курган. Бирок кыймылсыз мүлктүн документтерин өз убагында мыйзамдаштырып туралабагандыктан, үйдүн тастыктоочу документтери жок болгон. Турмуш шартка байланыштуу жана күйөөсү тарабынан зордук-зомбулук тынымсыз болгондуктан, ажырашууга туура келген. Ажырашкандан кийин күйөөсү экөө курган үйдү, күйөөсү өзүнүн апасынын атына документ тууралап өткөрүп алгандыгы жөнүндө айтып, юридикалык жактан жардам берүүнү суранган.

Жогоруда Мамашева К.Н. дин иши боюнча бир катар юридикалык жактан кенеш берип, мыйзамда көрсөтүлгөн  жол-жоболор боюнча кантип өз укугун мыйзамдын чегинде коргоо керек экендигин түшүндүрүлдү. Юридикалык кенештен кийин Мамашева К.Н. юристин жардамы астында сотко кайрылып, өз укугун коргоону чечти.

Мамашева К.Н. дин жарандык иши боюнча, акысыз юридикалык кенеш берип, сотко кайрылуу укугун түшүндүрүп, өзүм биргеликте жардам берүүнү чечтим:

Иш боюнча балдарынын күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү жана паспортунун көчүрмөлөрү, жашаган жеринен тактама, майыптыгы жөнүндө күбөлүк, күбөлөр жана күбөлөрдүн түшүнүк каттары, мурда иштеген жери боюнча айлыгынын бир жылдык графиги. Алынган курулуш материалдардын квитанциялары. Үйдү курган устанын акысы жана түшүнүк каттары ж.б. документтер керек экендигин түшүндүрдум. Мамашева К.Н. жогоруда аталган документтердин баарын топтоп мага ишеним кат жазып берди.

Жогоруда Мамашева К.Н. дин кайрылган арызы боюнча Кыргыз Республикасынын бир нече мыйзамдары менен корголгон укуктары чектелип калган. Аларга КР Жарандык Кодексинин 4-ст.1-б. көрсөтүлгөндөй:ар кандай адам мыйзам тарабынан белгиленген тартипте өзүнүн бузулган же талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо үчүн сотко кайрылууга укуктуу. Сотко кайрылуу укугунан баш тартуу жараксыз.  Ошондой эле КР ЖК-нин 22-статья. Никени сот тартибинде бузуу жөнүндө көрсөтүлгөн.

1. Ушул Кодекстин 20-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо, же никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо, мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

2. Эгерде жубайлардын бири никени бузууга каршы болбосо да, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуудан баш тартса (арыз берүүдөн баш тартат, никени бузууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө баргысы келбейт жана башка), никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

Үй-бүлөө Кодексинин 85-беренесиндеги Жашы жетпеген балдарды багуу боюнча ата-эненин милдеттери:

1. Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Жашы жетпеген балдарды багуунун тартиби менен түрү ата-эне тарабынан өз алдынча аныкталат.

Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багуу тууралу ушул Кодекстин 17-главасына ылайык макулдашуу (алимент төлөө тууралу макулдашуу) түзүүгө укуктуу.

2. Эгерде ата-энеси өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга каражат бербесе, аларды баккан каражат (алимент) жашы жетпеген балдарына алимент өндүрүп алуу тууралу алардын ата-энесинен (экөөнүн биринен) доо коюу укугу берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдүн сотко берген доосунун негизинде ата-энеден сот тартибинде өндүрүп алынат.

86-статья. Жашы жетпеген балдарга сот тартибинде өндүрүп алынуучу алименттердин өлчөмү

1. Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген балдарга алименттер алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат: бир балага – ата-эненин иштеп тапканынын жана (же) дагы башка кирешесинин төрттөн бири, эки балага – үчтөн бири, үч же андан көп балага – жарымы.

2. Бул үлүштөрдүн өлчөмү сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларын эске алуу менен азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.

3. Фермердик чарба жүргүзүүдө жүгүртүүдөгү накталай акча каражаттары жок болсо, алименттин орду натуралай азык-түлүк менен толтурулушу мүмкүн.

4. Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өзалдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү.

Ал эми майып баласы боюнча КР үй-бүлөө Кодексинин 91-бер. Балдарга жумшалуучу кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуусу

1. Макулдашуу болбогондо жана өзгөчө жагдайлар түзүлгөндө (катуу оору, жашы жетпеген балдардын майып болушу же эмгекке жөндөмсүз бойго жеткен балдардын жардамга муктаждыгы, аларды башка адамдарга бактырууга жардамдашуу зарылдыгы жана башка жагдайлар) ата-эненин ар бири ушул жагдайларга байланыштуу кошумча чыгымдарга катышууга сот тарабынан тартылышы мүмкүн.

Кошумча чыгымдарга ата-эненин катышуу тартиби жана бул чыгымдардын өлчөмү ата-эненин жана балдардын материалдык жана үйбүлөлүк абалына, тараптардын көңүлгө алынуучу дагы башка жагдайларына жараша ай сайын төлөнүүчү туруктуу акчалай суммада аныкталат деп корсотулгон.

Үй-бүлөө Кодексинин 95-бер. Нике бузулгандан кийин мурдагы жубайынын алимент алуу укугу

1. Бул үчүн тиешелүү каражаты бар мурдагы жубайынан сот тартибинде алимент талап кылуу укугуна төмөндөгүлөр ээ:

кош бойлуу кезинде мурдагы аялы;

ортодогу бала төрөлгөн күндөн тартып үч жыл бою аны багууну жүзөгө ашырган мурдагы жубайы;

Юридикалык кенеш сурап келген Мамашева К.Н. дин жогорудагы беренелерде көрсөтүлгөн укуктары чектелгендиктен мыйзам боюнча, акысыз юридикалык жардам берүүгө муктаж болгондуктан. Сотко доо арызга керектүү болгон тийиштүү документтери топтолуп, бүгүнкү күндө Чон-Алай райондук сотунда каралып жатат. Буйруса Мамашева К.Н. дин доо арызы боюнча соттук териштирүү иши ийгиликтүү аяктайт деп ишенем.

Чоң-Алай району боюнча БУУӨПнын юристи К.Байбалаев

10.11.2016

1 Comment

  1. Саламатсызбы мен сиздерден кенеш сурап кайрылып жатам азыркы жашап жаткан уй атасына катталган! уйду баласы салган атасы ичет ичкен сайын кырылыш кандай жолодору бар эмне кылыш керек?

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*