Нарын облусунун казысынын демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген Шаршенов Эмилбек атага жаңы үй курулду

 

 Нарын облусунун мусулмандар  казысы Мамбетасан Ибраевдин демилгеси менен Нарын  районунун 8-март айылынын тургуну, 6 баланын атасы Шаршенов Эмилбек атага бардык шарты менен жаңы үй курулуп, ачкычы тапшырылды.

Шаршенов Эмилбек ата майып болуп, буту иштебей калгандыгына байланыштуу бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен коңшусунун үйүндө күн кечирип келген. Эмгекке жарабай калган Эмилбек ата өз үйүнүн эскилиги жеткендигинен улам жаңыртууга эч бир каражат таппай келген. Ортончу уулу  Эмилбек уулу Алтынбек эмгекке жарап калгандан тарта эски үйдүн ордуна жаңы үй курган. Акча каражатынын жоктугунан улам жаңы курулган үйдүн үстү ылай жана кара кагаз менен жабылган. Бирок, нөшөрлөп жааган жамгырдан улам үйдүн чатырынан суу кирип, жараксыз абалга дуушар болгон.

Облус казысы бул үй-бүлө боюнча кабардар болуп,  Нарын районунун 8-март айылынын тургуну Шаршенов Эмилбек ата менен жолугушкан. Жашоо турмушу оор болгон үй-бүлөнүн катаал шартта күн кечирип келе жатканын көргөн облус казысы бул үй-бүлөгө колдон келген жардамын берээрин убадалаган. 2016-жылдын июнь айынан тарта Эмилбек атага жаңы үйдүн пайдубалы түптөлө баштады. 4 айдын аралыгында үй толугу менен демөөрчүлөрдүн жардамы менен  бүткөрүлүп, 26-октябрда Шаршенов Эмилбек атанын үйүнүн ачкычы тапшырылды.

” Нарын  районунун 8-март айылынын тургуну Эмилбек атага облус казысынын демилгеси, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 3 бөлмөлүү заманбап үй курулду. Үйдүн узундугу 10 метр болсо, туурасы 6 метр болуп, ичине жылуулук киргизилип, баардык шарттары каралган”,-деди казыяттын басма сөз кызматынан.

Ак-Өргөнүн ачылыш саамалыгына облустук казыят кызматкерлери, Эмилбек атанын бир туугандары менен кошуналары катышышты. Облус казысы келе албай калгандыгына байланыштуу казыят кызматкерлери Мамбетасан Ибраевдин саламын жолдошту. Кубанычында чек жок болгон Эмилбек ата жардам берүү демилгесин көтөргөн облус казысына жана жалпы казыят кызматкерлерине, демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирди.

Мuftiyat.kg/ 

3-ноябрь 2016

http://muftiyat.kg/ky/news/naryn-oblusunun-kazysynyn-demilgesi-menen-mumkunchulugu-chektelgen-sharshenov-emilbek-ataga

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*