Караколдо мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга акысыз көмүр таратылды

  Каракол шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жашаган 10 үй-бүлөгө таш көмүр берилди. Шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы маалымдагандай, мындай саамалык жыл сайын уюштурулат.
Бул жылы дагы мүмкүнчүлүгү чектелген 10 жаранга 1 тоннадан көмүр акысыз таратылды. Учурда Каракол шаарында 2 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат.

Turmush

04.11.2016

http://www.turmush.kg/news:314210/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*