Депутат: Калк арасында зордук-зомбулук жасаган фактылар көбөйүп барат

Жакында эле сот аялына карата сексуалдык зордук кылганы боюнча айыпталган Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкерин актап салды.

Бул тууралуу ЖК жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Таалайкүл Исакунова билдирди.

Ал үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүү чараларын көрүү зарыл экенине токтолду

«Кылмыш иши, аскер соту, райондук сот, Жогорку сот тарабынан каралып, аны баары теӊ актаган. Мага Назгүл Акматбек кызынан кат түштү. Анда күйөөсү менен анын досу тарабынан зордукталганы тууралуу айтылат. Ал азыр 4 баласы менен көчөдө калыптыр. Мындай окуялар көбөйүп кетти. Бюджеттен атайын каражат карап, үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөшүү чараларын көрүү зарыл», — дейт эл өкүлү.

Автор saat.kg
03-ноя. 2016

http://saat.kg/2016/deputat-kalk-arasynda-zorduk-zombuluk-zhasagan-faktylar-k-b-j-p-barat/

Автор  – 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*