Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар спартакиадага катышат

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын арасында спартакиада өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка караганда иш-чара 2-ноябрдан 3-декабрга чейин өткөрүлөт. Ага 16 уюмдан 1500дөн ашык өкүл катышат.  Спартакиада шахмат, шашки, стол тенниси, армрестлинг, пауэрлифтинг сыяктуу спорттун беш түрү боюнча өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.

БИШКЕК  — Sputnik.

01.11.2016

http://sptnkne.ws/cD82

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*