Ала-Букада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спартакиада башталды

Ала-Бука районундагы айыл аймактарда 3-декабрь — Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо күнүнө карата спартакиада башталды, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Бүгүн, 1-ноябрда Ак-Там айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар арасында шахмат, шашки, кол күрөш жана сүрөт тартуу, ыр, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу боюнча сынактар өттү.
Ушундай эле сынактар бардык айыл аймактарда уюштурулат. Спартакиада райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси менен уюштурулуп, администрациядан башкы адиси Г.Курманбаева жана аймактын социалдык адистер катышты.

Turmush 

01.11.2016


http://www.turmush.kg/news:313985/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*