Ак-Суудагы Боз-Учук айылынын элине акысыз юридикалык жардам берилүүдө (фото)

Бүгүн, 27-октябрда Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясын уюштурду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.
Бул иш-чара алыскы айылдардагы элге акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү максат кылып, «Тилектештик автобусу» уюшулган. Анда нотариустар, жактоочулар, юристтер жер-жерлерди кыдырып, элеттиктер менен жолугушууда.
Бул акция Юстиция министрлигинин демилгеси менен уюшулуп, өлкөнүн түштүгүндө өтүп келген. Ысык-Көл өрөөнүндө биринчи болуп жаткан иш-чара бүгүн Ак-Суу районунда башталды.
«Бул иш-чара элеттиктерге абдан керек. Жарандардын укуктук сабатсыздыгын жоюу иши жүргүзүлүп, юристтер эл менен бетме-бет сүйлөшүп жатат. Бул айылда дагы көп маселелер бар экен. Тургундарга биздин жардам пайдалуу болот деп ойлойм», – деди Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Урмат Акулуев.
«Тилектештик автобусу» мындан кийин башка райондордо өз ишин улантат.

Turmush 

27.10.2016

http://www.turmush.kg/news:313646/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*