Мурадил Жабиев баса да, сүйлөй да албай, 4 адамдын кароосунда (Видео)

Дөөлөттүү карылыкта уулунун урматын, келининин кызматын көргөн аксакал, байбиче болууга эмне жетсин. Бирок бардык карыларыбызга мындай таттуу турмуш, бактылуулук буюрган эмес экендиги зээн кейитет. 5 жылдан бери баласы менен кошо ооруган эненин арманы кандай болорун элестетип көрдүңүзбү?

«УБАГЫНДА ДАРЫЛАСА АЙЫКМАК ЭКЕН»


Кеңсебизге Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылынын 65 жаштагы тургуну Сабира Осмоналиева кайрылган. Ал баласынын биринчи топтогу майып болуп калышына дарыгерлер күнөөлүү экенин айтат:

– Абышкам экөөбүздүн 3 балабыз бар. 2 уулум үй-бүлө күтүп, өзүнчө жашашат. Ортончу уулум Мурадил 1977-жылы төрөлгөн. Азыр 39 жашта. Биринчи топтогу майып. Ал эл катары үйлөнгөнү менен, балалуу боло албай келинчеги экөө ажырашып кетишкен. 2012-жылы 25-январда жүрөгүнөн инсульт алып, Кант шаардык ооруканасына оор абалда түшүп калды. 3 күн бою жандандыруу бөлүмүндө жатты. Ал жакта жатканда эч кандай жылыш болбогондугуна байланыштуу башкы дарыгерге барып «Бишкектеги ооруканага алып кетели» десем, «балаңар шаарга жетпейт» деп койду. Анын жасаган мамилеси адамга эмес, айбанга да жакпайт эле. Кийин башка оорукананын дарыгерлери балама жардамды так жана өз убагында көрсөткөндө жок дегенде колу-буту иштемек экендигин айтышты. Канттагы дарыгерлердин шалаакылыгынан балам майыпка айланып калды.
Көп жөтөлчү болду. Кийин Бишкектеги ооруканага алып келдик. Бул жактан бир нече медициналык кароолорду жасаттык. Баламдын өпкөсүнө катуу суук тийиптир. Инсульт алганда башына, тагыраагы, мээнин кара куш бөлүгүнө кан уюп (тромб) калган экен. Эми кайсы ооруканага алып барбайын «кеч болуп калды» деген гана жоопту угам. Балким, чет өлкөдөн айыгып кетет деп үмүттөнөм, бирок каражатыбыз, шартыбыз жок. Анткени ал жактагы операция жасоонун наркы сом эмес, доллар да эмес, евро менен болуп жатпайбы.

«КИМДЕН ЖАРДАМ СУРАШТЫ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»

– Азыр балам төшөктөн турбайт, кыймылы жок. Тилден да калган, сүйлөбөйт. Кашында дайыма бир киши болушу керек. Ичкени суюк тамак, памперс киет. Жөтөлү токтобойт. Анысын дарылаганга аракет кылдым, бирок жыйынтык жок. Айлам кетип адал, арам экенине карабай ар түрдүү жаныбарлардын майын ичирдим, болбоду. Ооруканадан чыгарда уулумдун кекиртегине какырык, шилекейи чыгып туруучу түтүкчө (трубка) тагып берген. Анысын мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек. Тилекке каршы, андай шайман Кыргызстанда жок болуп чыкты. Орусиядан алдыртайын десем документалдуу түрдө жана эмнеге алып жатканымды көрсөтүү керек экен. Ал жакка ким барып алып келет?
Сопсоо жүргөн баламды күтүүсүз жерден оору менен дарыгерлер майып кылып койду. Алардын үстүнөн арызданган жокмун. Себеби уулум деп чуркап жүрүп көп убакыт өтүп кетти. Анын үстүнө ал дарыгерлердин аты-жөндөрүн деле унутуп калдым. Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылдым, ал жактан биринчи топтогу майып деп, Социалдык камсыздандыруу фондунан айына 2000 сом акча бөлүнүп берилет. Өзүм 4000 сомго жетпеген пенсия алам. Ичкен ашыбызга, баламдын дары-дармектерине бул каражат жетпейт. Күнүмдүк оокатыбыздан артпайт. Балам жүрөктү эзип телевизордон көргөн ооруканаларды, дарыгерлерди, дары-дармектерди тамгалардын жардамы аркылуу айтып, «мени алып барбайсыңарбы» дейт. Тамгаларды көзү аркылуу түшүндүрөт. Көңүл бурбай коёюн десең көңүлүн кыя албайсың. Азыр кимден, кайдан жардам сураарымды билбей турам. Көзүмдүн тирүүсүндө айыктырып алсам, адам санына кошуп койсом экен дейм.

 “Кекиртегиндеги түтүктүн эскилиги жетти. Жаңысын алганга акча жетпей жатат”.

Бактыгүл Момбекова 
20-октябрь, 2016-ж
http://www.super.kg/mobile/article/show/38235/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*