Арабадагы тамада: майыптык ишиме жолтоо кылбайт, азыр оокатыбызды оңдоп алдык (Видео)

Эрнис

Тамада из Оша в инвалидной коляске Эрнис Турганбаев. Архивное фотоТамада из Оша в инвалидной коляске Эрнис Турганбаев. Архивное фото

Эрнис Турганбаев Ош облусунун Өзгөн районунун Эски Покровка айылында туулган. 22 жашында эки бутунан ажыраганына карабай, тамадалык кызматты аркалап, элдин жакшылыгын тейлеп келет.

Жети баланын кичүүсү, ата-энесинин эркеси мектепти аяктап, аскердик кызмат өтөп, окууга тапшырып жай турмушту башынан кечирип жаткан. Кырсык басып, 2007-жылы ал машинесине май куюп жатканда бензинге бутун күйгүзүп алат. Бир жыл буту менен алышып ооруканадан башы чыкпайт. Доктурлар эки бутун кескенден башка чара калбаганын айтышат. Ошентип, күлгүн курактагы жигит арабага отуруп калат. 

— Бул кесипти кантип аркалап калдыңыз? 

— Бутумду кестиргенден кийин мен бир үйдүн 17 жаштагы жалгыз кызы менен телефондон таанышып, үч ай сүйлөшүп жүрдүк. Ал менин майыптыгыма карабай, турмушка чыкты. Ошондо мен жашоо ушуну менен эле бүтүп калбасын сездим да, жарыкка карай умтулдум. Мамлекет берген беш миң сомдун көзүн карап жата бербейин дедим. Анүстүнө эки башка эки чөйчөк тамак керек да. Мага бул жолду көрсөткөн Жумали деген байке болду. Аны кичинемден билчү элем. Жумали байке да жол кырсыгына кабылып, бир бутунан аксачу. Түштүктө ырчы, режиссер катары таанымал. Бир курдай биздин айылга тойго келиптир. Анан анын багыты менен музыкалык аппаратура алып, ушул тиричиликке кириштим.  

— Башында эл алдына чыгып сүйлөгөндөн сүрдөгөндүрсүз?

  — Чынын айтканда тамада болом деген түшүмө деле кирбептир. Чыгармачыл адамдардан бул чөйрөгө кантип аралашып калдың деп сураса, мектепте эле ырдачу элем дешет го. Ошол сыяктуу мен дагы мектепте эле маданий иш-чаралардан калчу эмесмин. Комуз, гитара чертем. Ошол да таасир берди окшойт. Ошентсе да ар бир иштин башы оңой болбойт эмеспи. Сүрдөдүм. Ырдап аткан жерден сүйлөп ийген күндөрүм болду. Адам баласы баарына көнөт экен, бара-бара көнүп кеттим. Тиричилигибиз да оңолуп, үй-жайды тургузуп алдык.

  — Кызмат кылып жатканда тоскоолдуктар болбойбу?

— Жок, мен арабаны ары-бери айдабайм да. Аны бир четке коюп, отургучка отуруп кызмат кыла берем. Той бүткөндө арабама отурам да кете берем. Май кетпейт.

— Айыл ичине эле кызмат кыласызбы?

— Алыскы жерге такси менен бара берем. Ош, Жалал-Абаддын бир топ тойлорун алып бардым. Бишкекке барайын десем баары тең тамада болуп кетишиптир, анан кой дедим (күлүп). Акыркы барган жерим Баткен болду. Азыр атамдын ден-соолугуна байланыштуу тойго чыга элекмин. Атам 80 жашта, 42 жыл мугалим болуп иштеген. Беш жыл мурун инсульт алган. Аны жөлөп-таяп жанында болушум керек болду. Мектепте эле маданий иш-чаралардан калчу эмесмин. Комуз, гитара чертем. Ошол да таасир берди окшойт. Адам баласы баарына көнөт экен, бара-бара көнүп кеттим — Келинчегиңиз да иштейби?

 — Экөөбүз алты жыл бирге жашып ажырашып кеттик…

— Ортодо бала барбы?

— Ажырашуунун себеби ошондон болбодубу. Балалуу болсок жашай бермек белек… Экөөбүз урушпай эле эки жолго түштүк. Аны кармап жүрө берип убалына калбайын дедим. Өзү жалгыз кыз болсо, бактысын тапсын деп… Азыр экөөбүз сыйбыз. Турмушка чыккан, бир уулу бар. 

— Андан ажыроо кыйын эле болсо керек?

— Алты жылдык өмүр алты күндүк өмүрдөй эмес экен да. Жаман болуп, нары барып эле бери келдим. Жашабай жатып кан басымым көтөрүлүп…

— Бир туугандарыңыз каралашып турабы? 

— Апам мени ойлоп, жүрөгү эзилип атып эле ооруканадан чыккандан кийин бир жылдан соң каза болуп калды. Эненин жүрөгүндөй жүрөк эч кимде болбойт экен да… Алтымыш жашта болчу. Бир туугандарымдын өзүнүн тиричилиги бар. Алардан деле тыйын албайм. Ырыскы боло берет экен. Атамдын 7 миң пенсиясы, менин 5 миң жөлөк пулум бар дегендей. Абалыбызды сурап келип турушат, барыбыз бир райондо турабыз.  

— Үй-оокаттын баарын өзүңүз кыласызбы анан? 

— Анан эмне кылмак элем? Нан жабам, кир жууйм. Келинчегим барда үй жумушуна жардамдашып атканда досторум келип калып, “ушу да эркектин ишиби” дешсе намыстанып, колумдагыны ыргытып ийчү элем… Көрсө, келинчегим билгендей эле мага баарын үйрөтүп кетиптир. 

— Көнүп калган жаныңыз иштегиңиз келсе керек?  

— Жакында эле Алматы шаарынын Айна-Булак деген районуна барып бир ай музыкант болуп иштеп келдим. Ал жакка мени биздин чөйрөдөгү бир ага чакырган. Ал да арабада отурат. Кафе иштетет. Анан Кайрат Нуртас экөөбүз батышпай келе бердим. Ага “сен Бишкекке келген сайын баурларым дейсиң, мына бир бауруң келди. Эми Алматынын жарымын сен тейле, жарымын мен тейлейин десем болбоду. Тамаша. Чынында телефон чалган сайын атам ыйлай берди. Карыгында адам бала кыял болуп калат турбайбы. Анан жүрөгүң тынч болбосо, кайдагы иш? Бир атам калды, талаа-түздө темселебей үйгө барайын, акчаны табармын деп баса бердим. Негизи атамды эжемдикине калтырып, үч айга деп кеткен элем.

— Келип дароо колуңузга алдыңызбы анан?

— Колума эмес кучагыма алып ийбедимби. Сагынышып калыппыз, экөөбүз кучакташып бири-бирибизди кое бербей эки саат турдук го… 

Эрнис маек берип жатып, эртеси достору менен чогуларын айтып калды. Болжошкон жерге барып Эрнистин өзүнө окшош мүмкүнчүлүгү чектелген достору менен ырдап, бийлеп көңүла ачып жаткандарына күбө болдук. Жашоонун сыноосуна сынбай, оптимисттик көз араш менен караган Эрнистин өзүнө гана эмес, жанындагы досторуна да баа берип кайттык. Алар көр турмуштан бир саамга ыраактап, көңүлдөрүн гүлгө ороп отурушту…

26.08.2016

Дагы: http://sputnik.kg/society/20160826/1028783979.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*