Ошто 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген бала орто мектептерде билим алууда

IMG-20161019-WA0080

IMG-20161019-WA0077

IMG-20161019-WA0076

Turmush –  Ош шаарында «Балдар бирге окушу керек!» деген темада уюштурулган инклюзивдик билим берүү форуму өтүп жатат. Ага Билим берүү жана илим министрлигинен, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген өкүлдөр, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кенешинин депутаттары жана шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргогон уюмдардын өкүлдөрү катышты, деп билдирди кабарчы.

Форумдун негизги максаты — мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын укугун коргоо, аларга инклюзивдүү билим берүү менен бирге дени сак балдарга аралаштырып билим берүү.
«Смайл.kg» коомдук фондунун директору Лариса Кузнецова Ошто 300дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар орто мектептерде билим алып жатканын айтты.
«Мындай  боюнча форум Ош шаарында алгач ирет өткөрүлүүдө. Форумда мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мектепке чейинки билим берүү, мектепте балдарга өзгөчө көңүл буруу, кесиптик-техникалык билим берүү менен бирге иш менен камсыз кылуу боюнча талкуу болот. Бүгүнкү күндө майып балдарга мектептерге шарттар түзүлгөн эмес, пандустар жок. Өткөн жылы 30 балага англис тилин окуттук. Жалпы 300дөн ашык окуучу шаардык мектептерде билим алууда. Баса албагандар үй шартында окутулат», – деди Л.Кузнецова.

Turmush 

19.10.2016

http://osh.turmush.kg/news:313100/?from=kg_turmush&place=newstoplast

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*