Балдарды кордоо азайган жок

Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордук көрөт.

Мындан бир нече күн мурун Ак-Талаа районунун Байгөнчөк айылынын тургуну 16 жана 17 жаштагы эки кызын бир күндө күйөөгө бергени ачыкка чыгып, талкууга түштү. Ага чейин Өзгөн районунда өз балдарын канжалатыпмушташтырган адамдар тууралуу маалыматтар чыккан. Ушул жана башка фактылар тиешелүү мамлекеттик органдарды балдар көйгөйүнө кайрадан көңүл бурууга түрттү.

18-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында балдар укугу талкууланды. Бул жыйынга Акыйкатчы институту, Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү баштаган жооптуу кызматкерлер чакырылды.

Милициянын маалыматына караганда, ушул жылдын тогуз айында өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулук боюнча 579 кылмыш иши козголгон. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиевдин айтуусунда, милиция өспүрүмдөргө карата сексуалдык кылмыштарга өзгөчө көңүл буруп, иликтеп жатат:

– 14-18 жаштардагы 65 бала сексуалдык зомбулукка кабылган. Булардын ичинен эки жашы жете элек кызды өз атасы зордуктап келген. Ошондой эле туугандары жана кошуналары тарабынан запкы көрүп келген кыздар да бар. Бирок албетте көпчүлүгү белгисиз жана чала тааныш адамдардын курмандыгы болууда.

Ички иштер министрлигинин өкүлү кошумчалагандай, балдарга карата сексуалдык кылмыштар жыл сайын азайып баратат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги болсо, балдарга карата зордук-зомбулук, тескерисинче, өсүп жатканын билдирүүдө. Аталган министрликтин биринчи орун басары Амантай Мурзалиев маалымдагандай,балдарга карата зордук-зомбулук жыл сайын 50 фактыга көп катталууда. ​

Депутат Аида Салянова да Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматтары чындыкка жакын деген ойдо. Анын белгилешинче, доктурлар фактыны дароо аныктап, ишти милицияга өткөрүп берет. Бирок милиция бардык эле учурда ишти аягына чейин тергеп, сотко жеткирбейт:

Аида Салянова

Аида Салянова

– Балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын бардыгын ачык чыгарууга аракет кылыш керек. Бизде ич ара сүйлөшүп алып маалыматтар жабык болуп калып жатат. Кенедей бала эч качан арыз жаза албайт. Экинчиден, иши каралбаса, ал бала ата-энеси менен кайра тил табышкан болуп калабы? Ошондуктан бардык балдарга карата кылмыштар башынан эле күч органдары тарабынан коомчулукка ачык айтылышы кажет.

Ал эми акыйкатчы Кубат Оторбаев кейиштүү окуялардын көп катталып жатышы жергиликтүү бийликтин балдарды коргоого маани бербестигинен чыгып жатат деген ойдо:

Кубат Оторбаев

Кубат Оторбаев

– Өкмөттө жалпы координация жок болуп жатат. Жылына жүздөй бала өз жанын кыйса, дагы жүздөн ашыгы сексуалдык зордук-зомбулукка кабылат. Буга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтө начар ишин кошуп коюу керек. Себеби алардын алдында балдар иштери боюнча комиссия бар, бирок алар такыр иштеген жок.

Адистер зордук-зомбулукка кабылган балдардын бир бөлүгү ата-энесимиграцияга кетип, туугандарынын үйүндө калгандар экенин да белгилеп келишет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министригинин маалыматына караганда, 60 миңге чукул баланын ата-энеси башка өлкөдө миграцияда жүрөт.

PS: “Азаттыктын” материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
октябрь 18, 2016
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_violence_ombedsman_human_rights/28060953.html

1 Trackback / Pingback

  1. Зордукталган секелек, “гумандуу” соттор – Сот адилеттигине жетүү

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*