“Атамдын таягы бизди апасыз калтырды…”

Жалал-Абаддагы реабилитациялык борбордо бир жылдан бери тарбияланып жаткан беш бир туугандын тагдыры арасат жолдо калды. Үй-бүлө зомбулугунан улам апасы каза болуп, анын айынан атасы абакка кесилген балдар кимдин багуусунда болот деген маселе талаш жаратууда.

– Үйүбүздө күн сайын жаңжал болчу. Атам апамды ура берчү. Апам бул жөнүндө эч кимге айтчу эмес. Ошентип жүрүп былтыр 18-сентябрда таяктан каза болду. Апам жерге берилгенден кийин эртеси күнү милиция бизди ушул жерге алып келди.

Үй-бүлөнүн улуу кызы Асел былтыр болуп өткөн окуяны ушинтип айтып берди. 15 жаштагы кыз азыр өзүнөн кичүү бир туугандары менен Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордо жашап жатат. Эң кичүү иниси Элдар беш жашта. Ал апасын күтүп жатканын айтып, эс тартып калган бир туугандарын жашытат экен.

– Апамды эстеген сайын ыйлайм. Бирок көз жашымды инилерим менен сиңдилериме көргөзбөйм. Апам байкуш аябай кордук көрдү да. Ошон үчүн атабызды жакшы көрбөйбүз. Кичинекей иним “Апам качан келет, ооруп жатабы?” деп ыйламсырап сурай берет. Мен анан келет, ойноп тур деп алаксытып коем. Бул жер бизге жакты. Эжелер камкордук көрөт, окууга барабыз, тамак ичебиз. Эң негизгиси тынчтык бар. Өзүм 9-классты аяктап, окууга тапшырсамбы деп турам. Тигүүчү болууну кыялданам. Азыр майда-барат буюмдарды тигип, үйрөнүп жатам, – дейт Асел.

Балдар кайда барат, кимге батат?

Аялын өлтүргөн Аселдин атасы өткөн айда 13 жылга абакка кесилди. ​38 жаштагы келиндин артында калган беш баласы 2015-жылдын сентябрь айынан бери “Ак-Жол” реабилитациялык борборунда тарбияланып жатат.

Апамды эстесем ыйлайм. Бирок көз жашымды инилерим менен сиңдилериме көргөзбөйм. Апам байкуш аябай кордук көрдү да. Ошон үчүн атабызды жакшы көрбөйбүз.

Талапка ылайык балдар реабилитациялык борбордо алты ай гана кармалууга тийиш.

Аталган борбордун жетекчиси Эркингүл Саркарова бир туугандарды кармоо мөөнөтү өтүп кеткенин, азыр тийиштүү тараптарга балдарды алып кетүү боюнча билдирүүлөрдү берип жатканын айтты:

Үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук

– Токтом боюнча бизде балдарды кармоо мөөнөтү алты айга чейин деп жазылган. Андан ашкандан кийин бизге карап, багууга мыйзам жол бербейт. Азыр прокуратурадан текшерүү келип, эскертүү берип жатат. Базар-Коргон районунан келген бул беш бир тууган бир жылдан бери карадык. Атасынын соту эми бүттү. Документ иштерин тийиштүү адистер даярдап жатышат. “Эртерээк балдарды алып кеткиле” деп райондогу социалдык жактан коргоо башкармалыгына кат жаздым. Эми буларды туугандарына же балдар үйүнө калтыруу жумушун алар жүргүзүшү керек.

Балдар үйүндө мектеп курагындагылар гана тарбияланышат. Анан кичинекейи эмне болот? Бир туугандар бөлүнүп калышабы деп кейип жатам.

Беш бир тууган балдарды туугандарынын колуна берүүгө соттолгон атасы уруксат берген эмес. Мындан улам алар балдар үйүнө өткөрүлүүгө тийиш.

Базар-Коргон райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Таиркан Дубанакунова балдардын тагдыры арасат жолдо турат деп кейиди:

– Түрмөдө отурган атасы “өзүм аман-эсен чыксам багып алам” деп башка бирөөлөрдүн асырап алуусуна макулдук бербей койду. Эми биз бир туугандарды балдар үйүнө өткөрүүгө камынып жатабыз. Апасынын каза болгондугу тууралуу кара кагазды эми гана колго алдык. Бардык документтерди даярдап сотко беребиз, анын чечими менен гана балдар үйүнө алып барабыз. Бирок мени өкүндүргөнү балдар үйүндө мектеп курагындагылар гана тарбияланышат. Анан кичинекейи эмне болот? Бир туугандар бөлүнүп калышабы деп кейип жатам. Менин оюмча балдар реабилитациялык борбордо калганы жакшы. Анткени бул жерде окуу курстары бар, балдар ар тараптуу болуп жетилет. Бирок ага болбой эле борбордун директору мага телефон чалып, “балдарды алып кеткиле” деп жатат.

2006-жылы ачылган реабилитациялык борбордо Аселдин бир туугандары сыяктуу татаал тагдырга туш болгон ондогон бала тарбияланууда. Жалал-Абад облусунун аймагында 140ка жакын бала кароосуз калып, жергиликтүү бийлик тарабынан каттоого алынган. Ал эми 8 миңден ашык үй-бүлөнүн балдары турмуш шарты оор абалда жашайт.

август 10, 2016
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_jalal_abad_violence_orphans/27912845.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*