Майыптардын билимдүүлүгү – коомдун байлыгы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар турмуштун бардык чөйрөсүндө өтө көп күч-кубат коротуп жашоого аргасыз , коомдун мусаапыр катмары болуп саналат. Ошондуктан, жакшы билим – аларды коомго аралаштыруунун эң маанилүү шарты. Билим инсандын өнүгүүсүн жана адистик калыптануусун камсыз кылат. “Эгер адам дайыма үйдө олтурса, эч ким менен сүйлөшпөсө, ал өзүнөн өзү чөгүп, ден соолугу начарлап, бул болсо аны дарылоо үчүн кошумча каражаттар менен күч-аракеттерди талап кылат. Ал эми адам өзүн өзү көрсөтүп, сүйгөн иши менен алек болуп, элге аралашса, анын көңүлү да ошончолук көтөрүлөт. Ошого жараша ден соолугу да оңолот”, – дейт “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” коомдук уюмунун юристи Сейнеп Дыйканбаева.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, башка жарандар сыяктуу эле, мектепке, атайын орто окуу жайларына же жогорку окуу жайларга кирүү боюнча көйгөйү жокко эсе. Аракет жасашса сөзсүз кире алышат. “Мен 3-классыман баштап креслодо олтурам. Мектептин программасын үйдө окудум, мугалимдер келип турчу. Эки эле мугалим келчү, калгандары болсо ар кандай жеке себептери менен келе алышчу эмес, бирок мага аттестат беришкен”, – дейт коляскачан инвалид Азиза Иминова.

2002-жылдан тарта мектептин бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүлүүдө. 2012-жылдан бул тестирлөө бардык жогорку окуу жайлар (менчик формасына карабастан) жана бөлүмдөр (күндүзгү, гранттык, контракттык, дистанциялык) үчүн милдеттүү болуп калды. Билимди жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун директору Инна Валькова мындай дейт: “Бизде көзү начар көргөндөр үчүн атайын тест, сокур жана начар көргөн балдарга тестти айтып берүүгө үйрөтүлгөн администраторлор бар.  Биз алды менен андай балдар канча экени, кайда экени тууралуу маалымат жыйнап, андай тестирлөөнү Бишкекте өткөрөбүз. Быйыл түштүктө да ушундай тестирлөө өткөрдүк. Биз ата-энелерден мындай балдар тууралуу бизге билдирүүнү суранып жатабыз. Коляскачандар, астма, жүрөк оорулуу ж.б. өнөкөт оорулуу балдар болушу мүмкүн. Биз алар үчүн атайын шарт түзөбүз, бул өзүнчө бөлмө же кирип-чыгууга ыңгайлуу башка жер болушу мүмкүн. Бирок ушуга чейин тестирлөөнү үйгө чакырып кабыл алуу тууралуу бир да арыз боло элек. Жамандыр-жакшыдыр баары тестирлөөчү жерге келип жатышат жана аларга ыңгайуу шартты ошол жерде түзүп берип жатабыз. Өтө көп нерсе жогорку окуу жайга өтүүнү каалаган кишинин өзүнө жараша болот: эгер алар өзүн көрсөтө алса эч кандай маселе болбойт, эгер алар үйүнөн чыкпай, унчукпай олтурса, албетте, алар тууралуу эч ким билбей калат да”.

Сокур жана начар көргөн балдардын интернат мектебинин директору Калима Урсеитова: “Биздин окуучулардын 97 пайызы жогорку окуу жайларга өтүшөт. Алар өтө акылдуу, алардын көрүү эс тутуму акыл-эс тутумуна айланат экен. Тестирлөө боюнча да эч көйгөй жок. Бул үчүн жоопкер мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары бар”, – дейт.

Ошентсе да мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектептеринин бүрүүчүлөрү үчүн адистик тандоого өзгөчө мамиле зарыл. “Биздин мектептин окуучулары 9-класстан кийин кесиптик-техникалык лицейлерге өтүшөт, – дейт начар уккан жана кийин укпай калган балдардын интернат мектебинен Эркингүл Сатывалдиева. – Алардын мектептен кийинки тагдыры биз үчүн башкы көйгөй болуп саналат. Биз баланын турмушта ордун табышы үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Биз кесиптик-техникалык лицейлер менен кызматташабыз. Мисалы, №27- жана №18-лицейлерде сурдокотормочулар бар. Алар укпаган жана начар уккан уккан балдарды эң жакшы окута алышат. Алар чачтарач, машиналарды оңдоо, тикмечи сыяктуу кесиптерге үйрөтүшөт”.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйү окуу жайларына өтүүдө эмес, ошол окуу жайларда тиешелүү билим, адистик алууга мүмкүнчүлүктө. Окуу жайларда жана башка турмуш-тиричилик, коммуникация чөйрөлөрүндө майыптыгы бар адамдар үчүн зарыл болгон инфраструктуранын жоктугу аларга билим берүү ишинин төмөнкү натыйжалуулугуна алып келүүдө. Коляскачан майып Азиза Иминова мындай дейт: “Мен психолог болуу үчүн окууну абдан эңсечүмүн. Тестирлөөгө интернет боюнча үйдө даярдандым. БГУнун бюджетине өттүм. Биринчи жылы университетке коомдук транспорт менен барып келип жүрдүм. Мунун өзү укмуш болчу! Эгер мен аялдамада жалгыз турсам автобустар токтобой өтүп кетишчү. Ысык-суукта, жаан-чачында да тура берүүгө аргасыз болчумун. Кишилерден мени автобуска же маршруткага көтөрүп кирүүсүн суранчумун. Көпчүлүгү мени эмне үйдө олтурбайсың деп урушушчу. Айрымдар түшүнүү менен мамиле жасашчу. Кечинде үйгө келип ыйлачумун, бирок эртеси кайра туруп, кете берчүмүн. Экинчи курста ата-энем машина сатып берди. Араң жатып айдоочулук күбөлүк алдым. Университетте мен үчүн пандус жасашты, бирок ал менин коляскама туура келбей калды. Биз 4-5-кабаттарда окучубуз. Анда лифт жок. Мен университетке машинам менен келгенде группалаштарым күтүп алчу, жүк салчу жердеги колясканы түшүрүшүп, мени олтургузуп, алып жөнөшчү. Анан студент балдарга 4-5-кабаттарга мени коляскам менен кошо көтөрүп чыгарып коюусун суранып жалдырачумун. Анан башкаларды кайра төмөн түшүрүшүн сурачумун. Ошентип күн сайын 4 жыл бою”.

Сокур жана начар көргөн балдардын мектебинин директору Калима Урсеитова: “Биздин көчөлөрдүн, үйлөрдүн, транспорттун басып жүрүүгө, кирип-чыгууга мүмкүнчүлүгү өтө начар. Сокур жана начар көргөн адамдар үчүн күн сайын окууга барып келүү өтө оор. Бул үчүн өтө зор күч-аракет жана эрк керек”, – дейт.

Заманбап коомдо майыптыгы бар адам кайрымдуулуктун объекти болбостон, укуктун субъекти болууга тийиш. Коом анын эл катары жашоосу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп бериши керек. Ал башка жарандардай эле окуп билим алууга, кесипке ээ болууга, өзүнүн жана коомдун жакшылыгы үчүн эмгек кылууга мүмкүнчүлүк алууга тийиш. Бул майыптыгы бар адам үчүн да, коом үчүн да талашсыз пайдалуу жана адамкерчиликтүү. “Узак убакыт бою үйүндө ишсиз олтуруп, анан окууга өтүп, жумушка орношкон майыптардын кадимкидей гүлдөп чыкканын, аларда жашоонун кумары пайда болгонун мен турмушта көп жолу көрдүм”, – дейт “Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы” коомдук уюмунун юристи Сейнеп Дыйканбаева.

15.10.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*