Таласта мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга борбор ачылды

Талас облусунун Көк-Ой айылында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн “Бекнур” деген күндүзгү борбор ачылды.

Бул тууралуу социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Борборго 3-16 жашка чейинки ДЦП, Даун, нышан оорусу менен ооругандар бара алат.

Борбордун директору Эрмек Жоробеков билдиргендей, күндүзгү борбордо балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, укугун коргоого жардам берет.

“Биздин максат – балдарга өз жолун таап, өз алдынча болууга көмөк көрсөтүү”, — дейт ал.

Автор saat.kg 

04-окт. 2016

http://saat.kg/2016/talasta-m-mk-nch-l-g-chektelgen-baldarga-borbor-achyldy/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*