Эл ичи — өнөр кенчи: 1-топтогу майып экенине карабай 4 тилде эркин сүйлөп, ырдаган Улан үй-бүлөсүн таза эмгеги багат (фото,видео)

 

Ош облусундагы Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну Улан Осмон уулунун талантына көзүнүн азиздиги тоскоолдук кылбайт. Бала кезинен ырга шыктуу Улан гитара аркылуу коомчулукка таанымал боло алды. Кыргыз тилинен сырткары бир нече тилде ырларды аткарып жүргөн каарманыбыз Turmush басылмасына маек курду.
«Бала кезимден эле ыргы шыктуу экенимди туугандарым айтып калышат. Эс тартканымдан бери эле уккан ырларымды эстеп калып, ырдай берчүмүн. Мектептеги иш-чараларда дагы ырдап чыкчумун. Кийинчерээк мектептин гитарасын кармалап отуруп, өз алдымча гитара чертүүнү үйрөнө баштадым. 3 жылдын аралыгында жакшы үйрөнүп кеттим. Байкасам, менин гитарада ырдаганымды жактыргандардын саны кыйла көбөйүп калыптыр. Гитарадан сырткары комузда, фортепианодо, аккордеондо ырдайм. Бирок, аларга салыштырмалуу гитарада ырдаганымды жактыргандар көп.
Кыргыз, өзбек, казак жана орус тилдеринде эркин сүйлөшүп, баарлаша алам. Башка тилдерде жактырган ырларымды ырдап чыгам. Эгер зарылчылык болсо кытай тилин үйрөнүүгө даярмын», – дейт каарманыбыз.
Улан мектепти аяктагандан кийин өзү каалаган музыкалык окуу жайдан билим алган эмес. Ошого карабастан чыгармачыл адамдардан дос күтүп, бир катар кароо-сынактарга да катышып келет. Өзүнө ыр жаздырып, ал тургай ыр жыйнагын чыгаруу алдында турганын кабарлады.
Мындан 3 жыл мурун үй-бүлө күткөн каарманыбыз жеке жашоосу тууралуу айтып берди.
«Канчанчы топтогу майып экенимди деле билбейм. Мамлекет тарабынан канча жөлөк пул чыгарып бергенинен деле кабарым жок. Аларды туугандарыма өткөрүп берип койгом. Ал эми өз үй-бүлөмдү таза мээнетим менен багам. Учурда бир кызым бар. Тойлорго чакыруулар көп болот. Ырчылык өнөрүм менен тапкан акчам үй-бүлөбүзгө кенен жетет», – деди Улан.
Тойлордогу эмгек акысын сыр туткан каарманыбызга чакыруулар борбор калаадан тартып, башка облустарга чейин түшөт.
Улан ден соолугуна байланыштуу 1-топтогу майып жаран катары каттоодо турат.

Turmush 

03.10.2016

http://www.turmush.kg/news:312087/?from=kg_turmush&place=rightgall

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*