Каракол шаарындагы Азиздер жана дүлөйлөр коомуна караштуу үйрөтүү ишканасы буюртма берүүчүлөрдү күтөт. Бул тууралуу ишкананын директору Иманбек Супатаев билдирди.
Анын айтымында, ишкана 1954-жылы негизделип, 1960-1970-жылдары пружиналуу олпок төшөктөр, чырпыктардан жасалган себеттер, отургучтар, зымдан токулган себеттер жасалчу.
Учурда Караколдо көрүүсү жага угуусу начар 200 адам жашайт. Алардын ичинен 41 жаран жумушка жарамдуу. Анын ичинен 20-30 адам буюртма түшкөндө иштешет.
«Дайыма буюртма түшүп турса 50-60 кишини иштетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Биздин 1 жылдык планыбыз 5 млн сомдук товар чыгаруу. Учурда анын 51%ы аткарылып, 2 млн 585 миң сомго товар чыгарып жатабыз. Үзгүлтүксүз буюртма болгондо 1 айда 3-4 млн сомдук товар чыгарууга кудуретибиз жетет», – деди Супатаев.
Ишканада учурда шейшеп, төшөк, олпок, жаздыктар жасалып, жайкы, кышкы кийимдер тигилип, мекемелер үчүн жыгач буюмдар жасалат.
Turmush
27.09.2016
http://osh.turmush.kg/news:311656/?from=kg_turmush&place=newstopcomm
Leave a Reply