Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 21-сентябрда паллиативдик бөлмө ачылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, бул бөлмө Кыргызстандагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды асырап жаткан мекемелердин ичинен алгачкы болуп ачылууда. Ушундай эле паллиативдик бөлмө жакында Сокулук районунда жана калган аймактарда ачыла баштайт.
«Мындай жай өтө зарыл болуп турган кез. Себеби, бала кыйналып, кээде акыркы көз ирмемде жашап жаткан учурунда жалгыз калбай, ушул бөлмөгө жаткырылып, ага медициналык жактан жардам көрсөтүлөт», – деди, анын кызыл тасмасын кесип жатып, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев.
Бөлмө «Балдарга биринчи жардам» уюму тарабынан ачылып, аталган уюм менен министрликтин ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1969-жылдан бери туруктуу иштейт. Анда республиканын булуң бурчунан келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар багылат. Учурда бул мекемеде 98 бала бар.
Turmush
21/09/2016
http://www.turmush.kg/news:311280
Leave a Reply