Бишкекте карылар үйүнүн жанына калтырылып кеткен кемпирди саламаттыкты сактоо министрлиги көзөмөлгө алды.
Ведомстводон билдиришкендей, кары адамдын баш мээси чайкалып, бир нече жарааттар катталды. Ал сүйлөй албагандыктан, аты-жөнүн тактоо кыйынга турууда. Эске салсак, белгисиз адамдар Күрөнкеев көчөсүндөгү карылар үйүнүн алдында болжол менен 80 жаштагы орус улутундагы байбичени таштап кеткен. Бул тууралуу маалымат 24-сентябрда таркаган.
26.09.2016
http://novosti.kg/kg/bishkekte-karylar-j-n-n-zhanyna-kaltyrylyp-ketken-kempirdi-salamattykty-saktoo-ministrligi-k-z-m-lg-aldy/
Leave a Reply