Карасартова: Майыптар өз укугун коргоп жатат

Кыргызстанда Азиздер жана дүлөйлөр коомуна байланышкан чыр басыла элек. Бүгүн аталган коомдун бир катар мүчөлөрү маалымат жыйын курушуп, жаңы жетекчини дайындоодо эреже бузуулар болгонун айтып чыгышты.

Алар мурдагы жетекчи Калык Мамбетакуновду кетирүүгө КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешовду айыпташты. Эл өкүлү бул айыптарга азырынча жооп кайтара элек.

Буга чейин коомдун бир топ өкүлү турак жай туура бөлүнбөй жатканына тынымсыз нааразычылык билдирип келишкен. Бул чырдын натыйжасында мурдагы жетекчи Калык Мамбетакунов иштен кетип, анын ордуна Марат Ташбаев дайындалган.

Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы абал тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Азиздер жана дүлөйлөр коомунун өкүлдөрү бул ирет эмнеге нааразылык билдирип жатышат?

Рита Карасартова: Коомдун жетекчиси кандай ыкма менен шайланды деген маселени көтөрүп жатышат. Анткени көйгөйлөрү өтө көп. Алар мени коомдогу абалга байкоо жүргүзүп берүүгө чакырышкан.

Мен бүгүнкү күнү жалпы мамлекетте жүрүп жаткан процесстер ар бир коомдук бирикмелерге да тиешеси бар экенин байкадым. Азыр Конституцияны өзгөртүү боюнча бүткүл эл менен талкуу болду деп жогорку бийлик алдап жатпайбы. Ошондой эле көрүнүш коомдо да бар экен. Анткени аталган коомго жетекчи тандоодо ага мүчө болгондорго жол берилбей, көп мыйзам бузууларорун алганы көрүнүп турат.

Эң өкүнүчтүүсү – коомдо болуп жаткан маселеге бийликтеги КСДП фракциясынын өкүлү менен байланышы бар адам кийлигишип жатат.

“Азаттык”: Бул коомдун түзүлгөнүнө көп жыл болуптур. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин муктаждыктарын чечүүдө коомдун орду канчалык?

Рита Карасартова: Мен мурун чакан коомдук бирикмеде эмне эле мынча чыр жарала берет деп ойлочумун. Көрсө, бул Кыргызстанда 80 жылдык тажрыйбасы бар коомдук бирикме экен. Алардын иштей турган өндүрүштүк базалары бар, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге ыңгайлашкан. Муну өнүктүрүп, иштетип, жакшы жолго салуу аябай чоң жетишкендик болмок. Анткени мындай адамдардын саны көп. Алар жумуш орду менен камсыздалмак.

Тилекке каршы, буларга жардам берип, шарт түзгөндүн ордуна, тескерисинче, бир топ объекттерди, жерлерди тымызын сатып жиберишкен. Ошонун баарын жетекчилиги жасап жатат. Ошого байланыштуу коомдун мүчөлөрү жетекчи болуп ким келе турганына кызыгышат. Эмне себептен биз шайлай албайбыз, эмне үчүн биздин укугубуз тебеленет деген маселелерди көтөрүшүүдө.

“Азаттык”: Буга чейин Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 50дөй мүчөсү турак жайга байланыштуу жетекчиликке нааразычылык билдирип келишкен. Үй маселеси чечилчүдөйбү?

Рита Карасартова: Үй көйгөйү бир эле аталган коомго тиешелүү эмес. Түштүктө да 2010-жылы коогалаңдан жабыркагандарга салынган үйлөр адилетсиз бөлүштүрүлдү деген кайрылуулар болгон. Биздин мамлекет турак жайды акыйкат бөлүштүрүү маселесин чече албай атпайбы. Азиздер жана дүйлөйлөр үчүн салынган үйлөр минтип алты саны аман-эсен кишилерге берилип жатса, бийлик комиссия түзүп, аны аягына чыгара албагандан кийин мүмкүнчүлүгү чектелгендер кимге кайрыларын билбей айласы кетип, телеканалдарга, маалымат каражаттарына чыгышты да. Анткен менен биздин бийлик көзү көрбөй, кулагы укпай калган сыяктанат.

сентябрь 13, 2016
http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_karasartova_society/27983544.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*