Нарындык тургун обладминистрациянын алдында пандус жоктугунан кыйналат

Нарында жашаган биринчи топтогу майып Сүйүналы Арпачиев пандустардын жоктугунан же талапка ылайыксыздыгынан көчөгө чыккан сайын кыйналат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

С.Арпачиевдин айтымында, атүгүл дүкөндөргө кирген да түйшүк.

«Имараттардын алдында пандустун жоктугу бизге окшогон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көп эле кыйынчылык жаратат. Мен билгенден шаарда бир гана облустук ҮДБ менен драматеатр гана жакшы пандус орноткон. Калгандарында же жок, болсо дагы ичке же тик. Андай пандустардын аты эле пандус болбосо… Андай пандустардан эки-үч кишинин жардамы менен араң чыгам. Башка мекемелерди айтпаган күндө да, облустук мамлекеттик администрацияда пандус жок. Ал эми мэриянын пандусу болгону менен, чыга берген жерине килейген цемент гүл челекти коюп койгон, аны инвалиддик коляска менен айланып өтүү оңой эмес», – дейт шаардын жашоочусу.

Сүйүналы ага көп кабаттуу тамдын биринчи кабатында жашайт.
TURMUSH.kg

Turmush 

09.09.2016

http://www.turmush.kg/news:310509

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*