Чүйдө тажик жараны күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган

Чүйдө тажик жараны күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылган. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

“Акыйкатчы институтуна арыз менен Тажикстандын Г.К. аттуу жараны кайрылган. Анда ал күйөөсү, кайненеси жана кайын сиңдиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Ал 2016-жылдын март айында таякесинин үйүнө конокко барып, ал өмүрү көрбөгөн жаран аны ала качып кеткенин билдирген. Чүйдөгү Кайыңды айылынын 32 жаштагы Д.Ш. аттуу тургуну уюлдук телефонун тартып алып, аны менен нике кыйдырып, зордуктап койгонун да кошумчалаган. Мындан кийин ал эч жакка кете албай, ал жарандын үйүндө калып, аны менен бирге жашоого аргасыз болгон. Көп өтпөй Г.К. аны зордоп турмуш курдурткан жарандын экинчи аялы экенин жана биринчи аялынан 2 баласы бар экенин билген. Жабырлануучу Г.Кнын кош бойлуу экени белгилүү болгондон кийин кайненеси жана кайын сиңдиси себепсиз аны ур-токмокко ала баштаган. 28-июль күнү жабырлануучу боюнан түшүп, Чүй облустук ооруканасына дарыланууга түшкөн. Учурда дарыгерлер ал мындан кийин эне боло албастыгын айтышууда. Жабырлануучунун туугандары бул тууралуу билген соң юридикалык компанияга жардам сурап кайрылышкан, бирок эч кандай колдоо жана юридикалык жардам көргөн эмес”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, учурда бул окуяны акыйкатчы өзүнүн көзөмөлүнө алып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Автор: Мальвина Уметбекова
09-09-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/159557/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*