Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эл аралык деңгээлде марафон уюштурушту (фото)

Каракол шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар уюштурган марафон расмий жабылды, деп билдирдиTurmush басылмасынын кабарчысы.

«Тосколдуксуз жашоо» марафонуна 30дан ашык адам катышты. Алар Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан тарта Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда болуп Каракол шаарына чейин барышты.

Иш-чарага Финляндия, Тажикистан, Казакстан мамлекеттеринен да катышуучулар келип, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев, Социалдык камсыздоо департаментинин жетекчиси Нурдөөлөт Базарбаевдер катышты.

«Марафон 7-жолу болууда. Быйыл эл аралык деңгээлде уюштурдук. Анын максаты – биздей адамдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруу, аларга мамилени өзгөртүү. Ар айылдын жашоочулары жакшы кабыл алып, даам сыздырышты», – дешти катышуучулар.

Turmush 

06.09.2016

http://www.turmush.kg/news:310294

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*