Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат

Футбол боюнча жолдоштук беттешүү 6-сентябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот.

Кыргызстан менен Филиппиндин жолдоштук беттеши мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди.  

Аталган демилге БУУнун балдарды коргоо фондусу (UNICEF) жана КРдин Футбол федерациясы тарабынан көтөрүлгөн. Футбол боюнча жолдоштук беттешүү 6-сентябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Билеттердин баасы 200 сомдон 500 сомго чейин болуп, стадиондун кассасында сатылат. 

Эске сала кетсек, 30-августтагы Кыргызстан — Казакстан беттеши 2:0 эсебинде кыргызстандык команданын пайдасына чечилген.

 Sputnik / Табылды Кадырбеков.

БИШКЕК, 1-сен. 2016 — Sputnik.
 http://sputnik.kg/sport/20160901/1028927241.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*