“Тилектештик автобусу” жарандарга акысыз юридикалык жардам берет (Видео)

 

КР Юстиция министрлиги БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасындагы сот адилеттигине мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү” долбоорунун колдоосу менен “Тилектештик автобусу” деген долбоорду жүзөгө ашырууну баштады. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул долбоор 2016-1017-жылдары ишке ашат, андан ары Кыргыз Республикасынын бардык облустарына киргизилмекчи.
“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу алкагында профессионалдуу юристтер жер-жерлерге барып, юридикалык маселелер: доо арызын жана башка арыздарды, ходатайство каттарын, сот жана укук коргоо органдарына арыздарды жазуу, мураскерликти каттоо, алимент алуу, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштарды чечүү боюнча жана мыйзамдарды түшүндүрүү багытында кеп-кенештерди беришет. “Тилектештик автобусу” Ош жана Чүй облусунун айылдарына жана алыскы элдүү пункттарга жүрүш уюштурат.

“Тилектештик автобусу” ишмердүүлүгүнүн негизги максаты – жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого көмөктөшүү жана укуктарын түшүндүрүү.
Жер-жерлерге барып, элге укуктук жардам көрсөтүү иши 2016-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган “Элдин укук маданиятын жогорулатуу Концепциясы” токтомун жүзөгө ашыруу алкагында болуп жатат. Концепциянын приоритеттүү милдеттеринин бири – инсандын коомдогу укук ченемдүү жүрүш-турушун жана мыйзамды сактаган жаранды калыптандыруу. Концепциянын негизги милдеттери катары укуктук тарбия берүү программасын өркүндөтүү, укуктук тарбия берүү практикасынын методдорун жакшыртуу, массалык маалымат каражаттары жана мамлекеттик органдар аркылуу жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, адам укугун сактоо маданиятын жайылтуу каралган.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*