Түркия: миграция курмандыгы болгон кыздар

Түркияда чогуу жашаган түрк жараны бычактап салганы айтылган кыргызстандык аял учурда оор абалда ооруканада жатса, дагы бир кыргыз кызы “күйөөсүн өлтүргөн” деп шектелип, камакка алынган.

Бул сыяктуу кайгылуу окуялар миграциянын кесепеттери катары бааланууда.

Абактагы Ханзада

Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык саясат министрлигинин иликтөөсүнө ылайык, өлкөдө былтыр күйөөсүнөн же чогуу жашаган эркектен зомбулук көргөн аялдар жалпы түгөйлөрдүн 35% түзгөн. Баяндамада өзгөчө эмгек мигранты катары иштеп жаткан чет өлкөлүк аялдардын абалы оор экени айтылат.

Анткени көбүнүн жубайы экенин аныктаган документи, туруктуу иши жана укуктук сабаты жок болгондуктан андай фактылар ачыкка чыкпай кала берет. Мындай окуялардын аягы аянычтуу бүткөн мисалдар да бар. Маселен, жакында эле 26 жаштагы кыргызстандык Ханзада аттуу кыз Конья шаарынын тургуну Муаммер Башактын өлүмү үчүн шектелип кармалган.

Суракта ал Түркияга иш издеп келип, сексуалдык кулчулукка кабылганын айтып берген. Ал эми окуя болгон күнү аны менен чогуу жашаган түрк жараны мас болуп, сабаганын билдирген. “Ызасына чыдабаган кыз жоолугу менен аны муунтуп өлтүргөнүн тергөөдө мойнуна алган” деп кабарлады Түркиянын Habertürk басылмасы.

Учурда бул кызга Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги укуктук жардам көрсөтүүдө. Элчиликтин өкүлү “күйөөсүн өлтүргөн” деген айып менен кармалган бул кыз менен жолугуп, укуктук-консулдук жардам көрсөтүп, кеңештерин берген. Мындан тышкары элчиликтин өкүлү айыпталып жаткан кызга түрк мамлекети тарабынан берилген адвокат менен сүйлөшүп, каралып жаткан иштин мындан аркы жүрүшү тууралуу маалыматтарды алган.

Ооруканадагы Гүлайым

Ал эми кыргызстандык Гүлайым Чолпонбаева үч жумага жакын убакыттан бери Түркиянын ооруканасында комада жатат. Аны өзү менен чогуу жашаган Шенол аттуу киши бычактаган деп шектелүүдө. Окуя Түркиянын Орду шаарында 3-августка караган түнү болгон.

Учурда Эрзинжан шаарынын мамлекеттик ооруканасына которулган Гүлайым оор абалда реанимация бөлүмүндө жатат. Көптөн бери кабары чыкпагандыктан, туугандары тынчсызданып, Кыргызстандан сиңдисиНуржамал издеп келген экен:

– 3-августтан бери комада экен. Көзүн ачканына үч күн эле болду. Ким кол салгандыгы тууралуу бизде маалымат жок. Абалы өтө оор. Сүйлөй албайт, көзүн эле ачат.

Окуянын чоо-жайы тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын элчиси Ибрагим Жунусов буларды айтып берди:

– Гүлайымга 8-августта Орду шаардык ооруканасында операция жасалган. Тилекке каршы, абалы оор болгонуна байланыштуу Эрзинжан шаарындагы мамлекеттик оорукананын реанимация бөлүмүнө алынып келинген. Бир тууган сиңдиси Стамбулга которуп бербейсиңерби деп суранып жатат. Бул азырынча мүмкүн эмес. Анткени абалы өтө оор. Аппарат менен дем алып жатат. Чет элдик болгон үчүн дарыгерлер эки эсе дыкаттык менен карап жатышат.

Гүлайым ооруканага түшкөндө кош бойлуу экендиги аныкталган. Ошондуктан операция учурунда ден соолугуна коркунуч келет деген жыйынтык менен дарыгерлер анын боюндагы баласын алып салышкан.

Гүлайымга кол салууга аны менен чогуу жашаган Шенол аттуу адам шектелип, учурда сурак берип жатканы кабарланды. Полициянын маалыматына караганда, ошол күнү үйүндө алар экөө эле болушкан. Туруктуу бир жерде иштебеген Гүлайым Шенол менен алгач Москвада таанышып, андан соң Түркияга келишкен. Тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу полициядан мындан ашык маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Баёо мигранттар

Акыркы күндөрү социалдык тармактар аркылуу жумуш издеп Түркияга келген мигранттардын саны өсүүдө.

Адистердин айтымында, тил билбестен, жумуш берген мекемени изилдебестен келген кыргызстандыктар бул жерде кыйын абалга туш болууда.

Таанышынын, интернеттен сүйлөшкөн адамынын куру убадасына ишенген баёо мигранттар көпчүлүк учурда алданып калганын иштей баштаганда гана билишет. Өзгөчө жаш кыздардын сойкулукка зордоп иштетилгендиги тууралуу маалыматтар түрк басылмаларында байма-бай жазылып турат.

Маалыматтарда Түркиянын булуң-бурчунда аялдарга болгон зомбулук саны да күндөн-күнгө өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи үч айында 94 аял өлтүрүлгөн. Июль айында эле Түркия боюнча 17 аял киши колдуу болуп өлсө, алардын 41 пайызы өз күйөөлөрү ок атуучу курал менен атканда каза тапкан. Алардын дээрлик барынын үй-бүлөсү жана балдары болгон.

Түркиядагы аялдардын укугун коргоочу уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн статистикага ылайык, аялдар көп учурда эч себепсиз кордолот жана өлтүрүлөт.

Андагы маалыматтарда аялдарга күйөөлөрү ажырашууну талап кылганы үчүн да кол салышары көрсөтүлгөн.

август 20, 2016
http://www.azattyk.org/a/turkey_woman_rights/27934911.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*