К.Базарбаев: «Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үйгө жана көчөгө экиден кресло-коляска бергенге баратабыз”

«Биз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга үйгө жана көчөгө экиден кресло-коляска бергенге баратабыз”, – деди Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри К. Базарбаев Германиянын ортопедиялык протездерди жасаган «Отто Бокк» концернинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

“Ортопедиялык протездерди жасоочу республикалык мекеме 1942-жылдан бери майыптарды тейлейт. Ар жыл сайын тейлөө кызматын жакшыртууга аракет жасап жатабыз. Жыл башынан бери эле 7,2 миңден ашык адамды кресло-коляска жана протез менен камсыз кылдык. Майып адамдар кресло-коляска алам деп кезек күтпөй калышты, биз ушуга жетиштик. Эми биздин максат – ар бирин үйдө жана көчөдө жүрүү үчүн эки кресло-коляска менен камсыздоо”, – деди Кудайберген Базарбаев жолугушууда.

«Отто Бокк» корпорациясы менен Министрлик 20 жылдан ашуун мезгилден бери кызматташып келет. 1994-96-жылдары корпорация республикалык протез мекемесине бут протездерди жасоочу жабдууларды орнотуп берген. Жабдуунун баасы 780 миң немец маркасы турган. Өткөн жылы болсо корпорация Кыргызстанга протез жасоонун компьютерлештирилген технологиясын колдонуу үчүн 2 лазердик жабдуу орнотуп берген. Андан сырткары, корпорациянын усталары алты жылдык окуудан өткөргөн соң биздин протез жасоочу мекеменин усталары басып-туруп эле эмес, иштеп, спорт менен машыгуучу протездерди да жасап калышты.

Министр Кудайберген Базарбаев менен корпорациянын өкүлдөрү кызматташтыкты мындан ары да өркүндөтүүнү, Республикалык протез жасоочу мекеменин  усталарын  корпорациянын базасында окутуу маселесин да карашты.

Касиет Карачолокова -“Сот адилеттигине жетүү”

18.08.2016

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*