Майып баласы бар кара-суулук жалгыз бой эне жер тилке сурап 30 жолу арыз жазды (фото)

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн Агартуу айылынын тургуну Үмүт Назаралиева 1999-жылы жер тилке алган. Бирок, ал тилке эгин эгүүгө жараксыз болуп чыккан. Анткени үлүш жердин айланасында жыш өскөн бак-дарактардын тамыры кенен жайылып, көлөкөсү үлүш жерге тийип турат.

Бир дагы ирет түшүм албаган Үмүт жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө 30 ирет арыз жазган.

«1-топтогу майып балам бар. Жолдошум каза болгондон кийин балдарымды багуу да кыйынга турду. Дыйканчылык кылайын десем чыгаша кетет, киреше кирбейт. Далай ирет ар түрдүү өсүмдүктөрдү эгип көрдүм. Эч бири өскөн жок. Жада калса беде чөбү дагы өспөйт. Көлөкө жерде түшүм алуу кыйын экен. Мүмкүнчүлүгү чектелген баламды эске алып, үлүш жеримди алмаштырып берүүсүн өтүнүп какпаган эшик калган жок», – дейт арыздануучу.

Назаралиеванын 3 уулу бар. Бирок, алардын бири дагы жер тилке алган эмес жана мүмкүнчүлүгү чектелген уулуна мамлекет тарабынан жөлөк пул берилбейт.

«Майып балам менен келиндердин бир үйдө батышы кыйын экен. Акыл-эси жайында болбогондуктан кыймыл-аракети келиндерди чочутат. Үйлөнгөн баламды бөлүп чыгарайын десем үй курганга жерибиз жок. Депутаттардын көпчүлүгү талапкер болгондо маселемди карап берем деп сөз беришти. Бирок, алардын талапкерлиги өткөндөн кийин берген убадаларын унутту», – деп кайгырат Үмүт Назаралиева.

Буга чейин үлүш жерин сатууга да аракет көрүп, бирок кардарлар жерди көргөндөн кийин сатып алуудан баш тартышкан.

Turmush 

17.08.2016

http://www.turmush.kg/news:308975

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*