Швейцариялык уюм үй-бүлөсү менен майып тургундун үйүнө энергоэффективдүү меш салат (фото)

 Кыргызстанда иштеп жаткан Швейцариянын «Хельветас Свисс Интеркооперейшн» уюму «АВЕП» коомдук фонду менен биргеликте турмуш-шарты начар кезектеги муктаж адамдын үйүн оңдоп берди.

«G-STAR» – Айыл жергесиндегилерди жашыл шыктарга окутуу» деп аталган социалдык долбоордун алкагында жакында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылында жашаган майып тургундун эски үйүн оңдоп-түзөп, жаңыртып беришти.

Үйдүн ээси, жубайы, баласы 2-3 топтогу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.

Уюмдун өкүлү билдиргендей, «G-STAR» долбоору бул адамдын жагдайы менен таанышкандан кийин жардам берүү тууралуу чечим кабыл алып, үйүн экологиялык жактан таза курулуш материалдары менен жылуулап берди. Тактап айтканда, үйдүн тышын калыңдыгы 15-20 см келген кургак камыш менен каптап чыгышты. Анын сыртынан зым тор тартып, өрт коопсуздугунан жана сууктан сактай турган атайын эритме менен шыбашты.

Мештин абалы да начар болгондуктан, курулушчулар энергоэффективдүү ыкма менен салына турган жаңы меш куруп бермек болду. Мындай мештин артыкчылыгы – тапты көпкө чейин кармап, жылуулук узакка сакталат.

Turmush 

09.08.2016

http://www.turmush.kg/news:307996

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*