Бүгүн, 4-августта Өзгөн шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга майып арабалар таратылды. Иш-чарага Өзгөн шаарынын вице-мэри Р.Атаджанов, шаардык кеңештин төрөгасы А.Насиров, социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Н.Абдурахманов катышты.
Мэрия маалымдагандай, быйыл районго Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 9 майып араба бөлүнгөн.
Майып арабага муктаж жарандарды тактоо иштери улантылып жатат.
Turmush
04.08.2016
http://www.turmush.kg/news:307465
Leave a Reply