Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кезектеги тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетти.
Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, экинчи агым менен эс алуучулар кечээ жиберилди. Биринчи топ июлдун акырында жөнөтүлгөн. Алар Кажы-Сай айылындагы калыбына келүү борборунда жайгаштырылат.
Жалпысынан 130 бала кыргыз берметинин жээгинде эс алмакчы. Бул максатта шаардык казнадан 480 мин сом бөлүнгөн.
04.08.2016 Коом бөлүмүндө
http://novosti.kg/kg/m-mk-nch-l-g-chektelgen-baldardyn-kezektegi-tobu-ysyk-k-lg-zh-n-p-ketti/
Leave a Reply