Жумгал районундагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген 16 жашка чейинки 10 бала каттоодо турат. Бул тууралуу борбордун мугалими Майрам Акматова билдирди.
Анын айтымында, учурда балдар эс алууга чыгышкан. 6 жаштан 16 жашка чейинки балдар борборго ден соолуктарын чыңдоо жана ар тараптуу өсүүнү калыптандыруу, билим алуу үчүн келип турушат.
Жергиликтүү бюджеттен 2 штат бирдиги каржыланып, ар бир баланын күнүмдүк тамак-ашына 18 сомдон бөлүнүп турат. Борбордун ичи балдарга ылайыкталып жасалгаланган.
Ыктыярчы катары коомдук активист Жапарбек Допоев бул борбордогу ата-энелерге укуктук жактан жардам көрсөтүп келет. Бул уюм бала бакчанын имаратында жайгашкандыктан, балдар ойной турган аянт дагы жасалган.
Turmush
02.08.2016
http://www.turmush.kg/news:306940
Leave a Reply