Ош шаарынын Анар кичи районундагы көзү азиз жана дүлөй жарандарга берилген 5 кабаттуу үйдүн жер төлөсү жараксыз абалга келип, кооптуу абал жаралган. Учурда үйдүн жер төлөсүн оңдоо иштери жүрүп жатканын жашоочулар билдирди.
Бул көп кабаттуу үй жаңы курулуп, 2012-жылдын 11-майында пайдаланууга берилген. Оңдоо иштерин аны курган «Сафари» компаниясы жүргүзүүдө.
Буга чейин жашоочулар көңүл бурулбай, жашоо кооптуу болуп жатканын айтып чыгышкан.
Turmush
29.07.2016
http://www.turmush.kg/news:306528
Leave a Reply