Ош облусу боюнча көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык таймаш өттү

Ош облусу боюнча көзү азиз жарандар арасында интеллектуалдык таймаш Ноокат районунда өттү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ош облустук казыятынан билдиришти.

Көзү азиздер коому тарабынан уюштурулган таймашта куран окуу, сүрөт табуу, оозеки дуба айтуу жана арабча сөз жасоо боюнча тапшырмалар берилген.

“Сынак учурунда катышуучуларга атайын сүрөт тартылган кагаздар таратылып, сүрөттө эмне тартылганын табуу тапшырмасы берилди. Мындан сырткары катышуучулар сезимталдуулугу жана жаттоо чеберчилиги аркылуу куран сүрөлөрүн кагазга чегилген тамгалар аркылуу окуп, оозеки сөздөрдү которуп, кураштырып жана дубаларды жатка айтышты”, – деп кошумчалашты казыяттан.

Иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Ош облустук мусулмандар казыятынын демөөрчүлүгү менен турмуш-тиричиликке керектүү буюм түрүндөгү белектер тапшырылды. Соңунда катышуучуларга сый тамак уюштурулду.

Фото: Ош облустук казыят
Автор: Акназар Сулайманкулов
01-08-2016
http://www.super.kg/mobile/kabar/news/155673/

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*